Сулайман тоодон боюн таштаган келин каза тапты

Ош шаарындагы Сулайман тоодон 18-апрелде боюн таштаган 36 жаштагы аял жеринде мерт болду. Шаардык милиция маркумдун оорудан тажап, өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн экенин божомолдоодо.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдыразакова «Клоопко» билдиргендей, окуя 18-апрелде саат 17:00 чамасында болгон. Бул туурасында милицияга калаа тургундары кабарлашкан.

«Суицидге барган Ош шаарынын тургуну буга чейин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып чыккан. Анын башында шишик болгон, жашоодон тажагандыгынан ушул жолго барса керек деген божомол бар», — деди Абдыразакова.

Боюн таштаган аялдын сөөгү Сулайман тоонун чыгыш тарабында табылган. Басма сөз катчы маркумдун сөөгү 19-апрель күнү туугандарына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.