Жээнбеков Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирди

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков. Сүрөт: Сабыр Аильчиев/Өкмөттүн басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирүү жөнүндө жарлыкка кол койду — бул парламенттин депутаттары министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө вотумун колдошкондон кийин эки сааттан соң болду.

Исаков жана анын министрлер кабинети өкмөттүн жаңы курамы түзулгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантат. Парламент жаңы министрлерди 15 күндун ичинде көрсөтүшү керек.

Парламенттин депутаттары Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирүү үчүн 19-апрелде добуш беришкен — ишеним көрсөтпөө вотуму үчүн 5 депута каршы, ал эми 101 депутат макул деп добуш берген.

ТЕМА БОЮНЧА: Парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун кабыл алды. Эми эмне болот?

Исаковду бир гана оппозициялык фракциялар эмес, коалициялык КСДП менен «Кыргызстан» да колдобой койгон.

КСДПнын депутаттары Исаковго болгон нааразылыгын ал финансы полициясынын башчылыгына жакында эле УКМКнын төрага орун басарлыгынан президент Сооронбай Жээнбеков бошоткон Болот Сүйүмбаевди дайындаганы менен түшүндүрүшкөн.


ТЕМА БОЮНЧА: