Алайда 15 жаштагы окуучу машина менен сүзүп алган наристе каза болду

Оштун Алай районунда 8-класстын окуучусу 5 жашар баланы машина менен коюп кетип, наристе ооркунада каза тапты. Облустук милициядан кабарлашкандай, өспүрүм кыз атасынын автомобилин үйүнөн айтпай айдап чыгып кетип, айылдаш жаш баланы сүзгөн.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» билдиргендей, жол кырсыгы Алай районунун Гүлчө айылында 22-апрель күнү түштөн кийин болгон.

«Гүлчө айылында 8-класстын окуучусу үйүнөн атасынын "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаасын айтпай айдап чыгып, жолго чуркап чыккан 5 жашар баланы сүзүп алган. Наристе оор абалда ооруканага жеткирилип, көп өтпөй каза тапкан», — деди Аширбаев.

Облустук милиция окуяны «автожол кырсыгы» деп каттаган. Учурда соттук-медициналык жана техникалык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин кылмыш иши козголот.

«Азырынча жаш өспүрүм себептүү катталган жол кырсыгын райондук прокуратура карап жатат. Эми жоопкерчиликти мектеп окуучунун ата-энеси тартабы же өспүрүм кыз өзү тартабы аны прокуратура чечет», — деп кошумчалады басма сөз катчы.

Өткөн жылдын 19-декабрында Ош облусунун Араван районунда дагы 8-класстын окуучусу короодон машинаны чыгарып жатып, бир жарым жаштагы кошуна баланы сүзүп алган. Натыйжада жаш бала алган жараатынан бир күн өтпөй ооруканада чарчап калган.


ТЕМА БОЮНЧА: