Прокурордун жардырылган машинасы. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкектин Октябрь райондук соту прокурор Эркин Курманалиевдин өмүрүнө кол салуу үчүн Төлөгөн Айтмырзаевди 21 жылга кести. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2016-жылы Айтмырзаев прокурордун машинасын жардырган. Натыйжада прокурор колунун манжаларынан ажырап, көзү зыянга учураган.

Судья Авчи Алиев Төлөгөн Айтмырзаевди прокурордун өмүрүнө кол салуу үчүн кунөөлүү деп таап, аны 21 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Ал эми Айтмырзаев өз күнөөсүн мойнуна алган жок, ошондуктан соттолучунун адвокаты Бактыбек Жумашев өкүмдү даттанмай болду.

Айыпталуучу сот отурумдарынын биринде ишти иликтеген тергөөчү ага күнөөнү мойнуна алуусун сунуштап, «Өлтүрүү үчүн кол салуу» беренесин «Ачууга өтө алдырган абалда өлтүрүү үчүн кол салуу» беренесине өзгөртүп берүүнү убада кылганын билдирген.  

Бирок тергөөчү Төлөгөн Айтмырзаев кылмышты дароо эле мойнуна алып, бирок сотто көрсөтмөсүн өзгөртүп койду деп кабарлаган.

Прокурордун ммашинасын жардыруу

Прокурордун өмүрүнө кол салуу 29-июлда Орто-Сай айылында болгон. Анын автоунаасынын чатырында колго жасалган жардыруучу түзмөк жарылып кеткен. Курманалиев кызматтык иликтөө бөлүмүнүн улук прокурору болуп иштеген. Ал прокуратура органдарындагы кызматтык тартиптин бузулушун, коррупцияны жана башка мыйзамга каршы фактыларды ачып келген.

Төлөгөн Айтмырзаев 2016-жылы октябрда колго тушүрүлгөн. Кармалган адамдын үйүндөгү тинтүү учурунда милиция кызматкерлери «кол салууда колдонулганга окшош жардыруучу түзмөк» табышкан.

Кийинчерээк башкы прокуратура Айтмырзаев прокурордун үй-булөсүнө 60 миң доллар карыз болуп калганын жана бул кол салууга жүйөө болгонун билдирген.

Айтмырзаев өз көрсөтмөлөрүндө Курманалиев аны прокуратурага чакырып, карызды төлөшүн талап кылып, алдамчылык үчүн жоопкерчиликке тартаарын айтып коркутканын айткан. Анын айтымында, Курманалиевдин ата-энесинин улам-улам коюлган талаптарынын айынан ал өз уйүн аларга каттатып берген.

Мекемеде прокурордун өмүрүнө кол салуу анын кызматтык ишмердүүлүгү менен байланышта эмес экенин кошумчалаган.


ТЕМА БОЮНЧА: