Лейлекте жоголгон беш жашар баланын сөөгү Тажикстандан табылды

Баткен облусунун Лейлек районунда 23-апрель күнү кечке жуук жоголгон наристенин сөөгү эртеси күнү Тажикстандагы каналдан табылды. Облустук милиция наристе «каналга агып кеткен» деп божомолдоодо.

Кыргызстандык дайынсыз жоголгон беш жашар баланын сөөгү 24-апрелде Тажикстандагы каналдан табылган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айсалкын Эргешбай кызы «Клоопко» кабарлады.

«Лейлек районунун Арка айылында 23-апрелде 5 жашар бала үйүнөн көчөгө атасын чакырганы чыккан. Ошондон кийин ата-энеси аны таппай калган. Наристенин сөөгү эртеси күнү Тажикистандын Гафуров шаарындагы каналдан табылды», — деди басма сөз катчы.

Баткен облустук милиция бала «каналга агып кетип каза тапкан» деп божомолдоодо.

«Наристенин ата-энеси милицияга эч кандай арыз менен кайрылган эмес. Баланын өлүмү боюнча доосу жок экендигин айтышты», — деп кошумчалады Эргешбай кызы.