Ош шаарындагы жападан жалгыз Архангел Михаил православ чиркөөсү 1877-жылы салынган. Андан бери христиандардын сыйынуу жери жабылып, бузулууга дуушар болгон. Бир нече жолу оңдоп түзөлгөн чиркөөнүн азыркы күндө зыяратчыларга эшиги ачык.

Православ чиркөөсү калаанын борбордук бөлүгүнөн орун алган. Виктор Реймген 24 жылдан бери ибадатканада ага жетекчи болуп иш алпарат. Анын айтымында, православ чиркөөсү негизги үч бөлүктөн турат: алтарь (төркү бөлүк), трапезная (сыйынуу бөлүгү же чоң зал) жана притвор (чиркөөгө кире бериш).

Азыркы күндө чиркөөдө ондой диний кызматкер эмгектенет. Ал эми храмды тазалоо иштерине ыктыярчылар жардам берип турушат. Алардын саны 50-60га жакын.

«Чиркөөнүн эшиги бардык каалоочулар үчүн ачык жана кирүү акысыз. Туристтер менен каалоочуларга экскурсиялар уюштурулуп турат», — дейт Реймген.

Архангел Михаил ибадатканасынын Куршаб айылында жана Кызыл-Кыя шаарында кеңселери бар. Ал кеңседе диний кызматкерлер майрам же маанилүү күндөрү гана сыйынуучуларды кабыл алып турушат.

Храмдын ага жетекчиси Виктор Рейгмен берген маалыматка караганда, православ чиркөөсү Ош шаарында 1877-жылы калаа тургундарынын кайыр жыйноосу менен курулган.

Ага чейин Ош шаары 1870-жылдары уезддик борбор аталып, Фергана өрөөнүндө орус үй-бүлөлөрүнүн отурукташуусу жанданышы менен европалык типтеги имараттар салына баштаган. Алардын катарын чеп, казарма, лазарет, түрмө жана дагы чиркөөнүн курулушу толуктаган.

Борбор Азия боюнча курулган имараттар сыяктуу бул сыйынуу үйү да жыгач каркастан тургузулуп, бышпаган кыштан салынган.

1879-жылы имаратка алтарь курулуп, сыйынуу үйү 300 кишини кабыл ала баштаган. Түркестандык еписком Александрдын батасы менен ошол эле жылы 7-ноябрда чиркөө Архангел Михаилдин ысымын алган.

1904-жылы чиркөөгө келген зыяратчылардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ремонт иштери алты жылга созулуп, чиркөө 700гө жакын кишиге ылайыкташтырылат.

Сыйынуу үйү 1917-жылкы революциянын таасири астында 1928-жылы расмий түрдө жабылган. Анын натыйжасында, чиркөөдөгү коңгуроолор ыргытылып, чатыры кыйроого учураган.

Ошого карабастан 1950-жылдарга чейин чиркөө бейрасмий түрдө православдарды кабыл алып турган. 1952-жылы чиркөөнүн архитектурасы иштелип чыгат да, имарат калыбына келтирилип, Ош шаардык маданият үйүнүн карамагына өткөзүлгөн.

1992-жылы храм православ христиандарына кайтарылган. Үч жыл аралыгында оңдоп-түзөлүп, икондор чогултулуп олтуруп, 1995-жылы расмий түрдө Михаил Архангелдин ысымы кайтарылып берилген.

Cүрөттөрдүн автору : Майрамбек Таалайбек уулу