Парламенттеги көпчүлүк коалициянын басымдуулугу. 95 депутат — бул көппү?

Ошол кезде премьер-министр болуп турган Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын апрелинде Жогорку Кеңештин жыйынында. Бир нече айдан кийин ал Кыргызстандын президенти болуп калган. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Эми Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясына 120 эл өкүлүнүн ичинен 95 депутат кирет, ал эми оппозицияда болгону 25 депутат калат. Бул эмнеге таасир этиши мүмкүндүгүн түшүндүрөбүз.

Депутаттар апрелдин ортосунда Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө вотумун билдиришкенден кийин парламентте өзгөрүүлөр болуп, көпчүлүк коалиция «Республика — Ата-Журт» фракциясынын эсебинен кеңейтилди.

Эми көпчүлүк коалиция парламентте 95 орунду ээлеген төрт фракциядан турат: КСДП, «Кыргызстан», «Бир Бол» жана «Республика — Ата-Журт». Жогорку Кеңеш өзү 120 депутаттан турат. Ал эми оппозицияда болгону «Ата Мекен» (11 орун) жана «Өнүгүү — Прогресс» (10 орун) калды.

Мындан тышкары, парламентте фракциялардан чыгарылган төрт депутат бар. Алар көпчүлүк коалициясына кирбейт.

Буга чейин коалиция өзүнө үч фракцияны бириктирип, 67 депутаттан турган.

КСДПдан депутат катары парламентке келген Жанар Акаев көпчүлүк коалициясына сыяктуу эле эми бир да фракцияга кирбейт. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Парламенттик коалиция эмне үчүн керек?

Ал парламентте мыйзамдарды талкуулоо жана кабыл алуу тездик менен өтүшү үчүн керек, анткени мыйзам долбоорлорун жактыруу үчүн добуштардын көпчүлүгү зарыл — аз дегенде 61 добуш.

Азыр коалицияда 90 депутат бар. Бул эмнеси менен кооптуу?

Эми жаңы коалициянын абдан кеңири ыйгарымдарга ээ болуп калды — бул деген алар бир добуштан конституциялык мыйзамдарды кошуп, бардык мыйзам долбоорлорун кабыл ала алышат дегенди билдирет. Ал эми коалицияга кирбеген депутаттар жана оппозиция эми буга таасир эте албай калышат.

Депутаттар добуштардын көпчүлүгү менен эмнелерди кыла алышат?

• өкмөттү бекитүү;

• Президенттик шайлоо жана референдум дайындоо, учурдагы конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү;

• президент каршы болсо да мыйзамдарды кабыл алуу;

• насыя келишимдерин ратификациялоо жана мамлекеттик чек араларды өзгөртүү боюнча чечимдерди кабыл алуу;

• президентке каршы айып тагып, андан соң аны кызматтан алуу. Алар президентти жана башкы прокурорду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришиши да мүмкүн.

Жогорку Кеңештин жыйыны. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Эгерде коалицияда 60-70 депутат болсо, анда парламенттик оппозициянын өз кесиптештерин мурунку көз караштардан кайтууга ынандырууга мүмкүнчүлүгү болот жана ошондо гана парламентарийлер тең салмактуураак чечимдерди кабыл алышат.

Ал эми эгерде коалицияда азыркыдай парламентарийлер көп болсо, анда көпчүлүктүн чечимине таасир эте алган күч жок болот, тактап айтканда, оппозициячыл депутаттардын добушу эч нерсени чечпей калат.

Албетте, коалицияга каршы анчейин чоң эмес каршы салмак бар, анткени бюджет жана укук тартиби боюнча комитеттерди оппозициянын депутаттары жетектешет. Бирок комитеттерде да чемидер депутаттардын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат жана аларга азыр негизинен көпчүлүк коалициясынын депутаттары кирет.

Коалиция жакында эле кеңейди, депутаттар бир нерсе өзгөртүүгө үлгүрүштүбү?

Ооба. Ошол эле күнү парламент Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө вотумун билдиргенден кийин президент анын отставкасына кол коюп, ал эми көпчүлүк коалициясы Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырган. Андан соң эртеси күнү эле депутаттардын көпчүлүгү өкмөттүн жаңы курамын жактырган.

Ошол кезде премьер-министр болуп турган Сапар Исаков 2018-жылдын январында Жогрку Кеңеште. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Конституция жаңы премьер-министрди тандоого жана өкмөттүн жаңы курамын түзүү үчүн көпчүлүк коалициясына 15 күн убакыт берет. Парламент Абылгазиевге чейинки өкмөт башчы Сапар Исаковду премьерлик кызматка 4 күн караган, ал эми Сооронбай Жээнбековду 2 күн.

Башкы прокурорду дайындоодо да так эле ушундай абал түзүлдү. 24-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков бул кызматка Өткүрбек Жамшитовду сунуштаган. Ошол эле күну анын талапкерлигин биринчи тармактык комитет жактырып, узакка чейин созулбаган талкуудан кийин көпчүлүк коалициясы да колдогон.

Эртеси күнү иш жүзүндө парламенттин формалдык жыйыны өтүп, Жамшитов бул кызматка бекитилген.

Ага чейин башкы прокурор болгон Индира Жолдубаеваны парламент президент сунуштагандан соң алты күндөн кийин гана бекиткен.

Жогорку Кеңештин жыйыны. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Мурда ушундай коалиция бар беле?

Жок, бул өлкөнүн тарыхындагы эң чоң коалиция. Бирок 2010-жылдагы революциядан кийин көлөмү боюнча салыштырмалуу парламенттик коалиция болгон.

2010-жылы болгон апрель ыңкылабынан кийин өткөн конституциялык реформадан соң парламентте орундардын саны 120га чейин көбөйгөн.

2010-жылы шайланган парламенттин бешинчи чакырылышында төрт фракциядан куралган коалиция пайда болуп, анда 92 депутат бар болчу. Ал 2011-жылы декабрда түзүлүп, болгону 8 ай өмүр сүргөн.

Көпчүлүк коалиция 2011-жылдын декабрында премьер-министрлик кызматка Өмүрбек Бабановду (ортодо) шайлаган. Премьерлик кызматка үч адам талапкер болгон. Бабанов үчүн ошондо 52 депутат добуш берген. Ал кезде коалицияда 92 депутат бар болчу. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Бирок ошол кезде коалициянын депутаттары чечимдерди бир добуштан колдошчу эмес. Мисалы, ал түзүлгөндөн кийин премьер-министрлик кызматка үч депутат талапкер болгон: Өмүрбек Бабанов, Нариман Түлеев жана Равшан Жээнбеков. Натыйжада Бабанов премьер болуп калган, ал үчүн көпчүлүк коалициясынан болгону 52 депутат гана добуш берген.