Өткүрбек Жамшитов Кыргызстандын башкы прокурору болуп калды

Өткүрбек Жамшитов. Сүрөт: «Турмуш»

Жогорку Кеңештин депутаттары Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурорлук кызматка жактырышты. Анын талапкерлигин президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган. Буга чейин парламент бул кызматты аркалаган Индира Жолдубаеваны отставкага кетирген.

25-апрелде парламенттин жыйынында Жамштовдун талапкерлиги үчүн бир депутат каршы, калган 109 депутат макул деп добуш берди.

Оппозициячыл депутат Наталья Никитенко Жамшитовдон башкы прокуратурага «ишенимди» кайтарууну суранды, анткени буга чейин башкы прокуратура көптөгөн «саясий иштерди» козгогон.

Жамшитов билдиргендей, өз ишин кадрдык алмаштыруулардан жана коррупция менен күрөштү күчөтүүдөн баштайт.

Мурдараак  төрт фракциядан турган көпчүлүк коалиция Жамшитовдун талапкерлигин башкы прокурорлук кызматка жактырган. Аны бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

Жамшитовго чейин Жээнбековдун сунуштамасы боюнча депутаттар отставкага кетиришкен Индира Жолдубаева башкы прокурор болчу. Президент Жолдубаеванын кызматтан алынышын «коррупция менен күрөш алсыз болуп атканы» менен негиздеген.

Жолдубаева башкы прокурорлук кызматка 2015-жылы келген. Аны бул кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаев сунуштаган. Атамбаевдин президенттиги учурунда Башкы прокуратура президенттин каршылаштарына кылмыш иштерин козгоп, көз карандысыз ЖМК менен соттошкон.

Жамшитов деген ким?

Өткүрбек Жамшитов эмгек жолун 1997-жылы Талас шаардык прокуратурасында баштап, ал жакта эки жыл аралыгында прокурордун жардамчысы болуп иштеген. Андан соң Жамшитов 2008-жылга чейин Талас шаарынын жана Ош облусунун прокуратура органдарында тергөөчү болуп эмгектенген.

2008-жылы ал Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасына прокурордун орун басарлыгына дайындалган.

Кийинчерээк 2011-жылы Жамшитов Лейлек районунун прокурору болуп калган, ал эми төрт жылдан кийин аны Жалал-Абад облусунун прокурорлук кызматына дайындашкан. Бул кызматта ал азыркы убакытка дейре иштеп келет.


ТЕМА БОЮНЧА: