Эмне үчүн ЖМКда Бишкек мэринин отставкасы талкууланып атат? Түшүндүрөбүз

Сүрөт: Табылды Кадырбеков / Sputnik

Бишкек мэри Албек Ибраимов анын отставкага кетиши ыктымалдыгы жөнүндө маалыматттар жалган экенин бир нече басылмаларга билдирди. Негизи эле бул тема эмне үчүн талкуулана баштаганын түшүндүрөбүз.

Акыркы бир нече күндө бир катар кыргыз басылмалары Бишкектин 140 жылдыгы белгиленгенден кийин апрельдин аягында Ибраимов отставкага кетиши мүмкүндүгү жөнүндө жазып чыгышты.

Мэр өзү бул маалыматты четке какты, анын айтымында, мындай ушактар коомдук тармактарда пайда болушу мүмкүн. «Менин сары басылмаларды карап отурганга физикалык жактан убактым жок, балким, ошол коомдук тармактарда [ушактар пайда болгондур]», — деп билдирди ал.

Ибраимовдун отставкага кетиши ыкмылдыгы тууралуу маалыматтардын шартында «Республика — Ата-Журттун» (РАЖ) шаардык кеңештеги депутаттары анын 2017-жылга карата жумушу жөнүндө отчетун кабыл алышкан жок.

Ал эми мэр өзү анын жумушу жөнүндө РАЖ тарабынын баасын «мыйзамсыз» деп атады, анткени отчетту бирото кабыл алуу жөнүндө чечимди өзүнчө бир фракциялар эмес, шаардык кеңештин толук курамы кабыл алышы керек. Бирок, ошого карабастан, Ибраимов РАЖдын алдында отчет берген.

Мэрдин тагдыры чечилип калышы мүмкүн болчу шаардык кеңештин өзүнүн жыйыны майдын ортосунда өтөт.

Ибраимовдун отставкага кетиши ыктымалдыгы жөнүндө ачыкка чыккан маалымат булактарынын бири РАЖдын депутаты Канатбек Мүзүралиев болгон. Ал «Вести.kg» басылмасына мэрдин отставкасы жөнүндө «көптөгөндөр айтып» жатканын билдирген, бирок Ибраимовдон кызматтан кетүү жөнүндө азырынча арыз жок.

Ал эми «Вести.kg» басылмасы Ибраимовдун оставкасы жөнүндө өз маалымат булактарына таянып, чечим кабыл алынгандай түрдө жазган: «Бишкек мэри Албек Ибраимов шаар күнү белгиленгенден кийин кызматтан кетмекчи. Ал кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазып койгон».

Контекст: Ибраимовдун отставкага кетиши ыктымалдыгы жөнүндө маалымат бир нече маалыматтардын шартында пайда болгон:

• шаарды жашылдандыруу үчүн көчөттөрдүн 9000 сомго сатылып алынышы жөнүндө;

• 84 гектар муниципиалдык жердин ижарага «мыйзамсыз» берилгени жөнүндө;

• 2018-жылдын башынан бери Бишкектин Ош базарында үч жолу чыккан өрт жөнүндө;

• бир эле учурда 13 көчө катары менен жабылганы үчүн Бишкектин жолдорунда пайда   боло баштаган тыгындар жөнүндө;

• мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын адамдардын кызматтарынан алынышы жөнүндө.

Ибраимов — иш жүзүндө өз кызматын сактап турган Атамбаевдин акыркы жогорку кызматта турган тарапкери. Мурдагы президенттин бардык жакын адамдары, премьер-министр Сапар Исаковду жана күч түзүмдөрү менен прокуратуранын башчыларын кошуп, өз кызматтарынан кетишкен.

Экс-президенттин  тарапкерлеринин отставкалары Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду сынга алгандан кийин башталган. Буга карабастан эки саясатчы тең ачык түрдө кандайдыр бир тирешүүлөр жөнүндө айтпай келишет.