Күндүн посту: Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды — бул тууралуу ал өзүнүн фэйсбук барагында билдирген.

Исаковдун айтымында, аны күбө катары чакырышкан. УКМКнын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, экс-премьер-министр Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуу боюнча ишке байланыштуу суракка чакырылган.

В пресс-службе ГКНБ корреспонденту Kloop.kg сообщили, что экс-премьера вызвали на допрос по делу о модернизации Бишкекской ТЭЦ.

Маектешүү 26-апрелде саат 15:00дө болот. Исаков менен өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчү К.Сабыров маектешет.