Милиция БААУдан «бомба» тапкан жок

БААУнун имаратынан адамдарды эвакуациялоо. Сүрөт: Yurii Mashtalir

Милициянын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) имаратын бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтын айынан курчоого алган. Натыйжада атайын кызматтар окуу жайдын имаратынан бомба табышкан эмес.

Маалымат саат 17:00дө жаңыртылды.

УКМКнын басма сөз кызматы алардын адистери БААУда бомба табышпаганын жана имараттын айланасындагы курчоо алынганын билдирди.

ИИМдин өкүлүнүн айтымында, бомба тууралуу маалымат милицияга саат 13:35де түшкөн.

«Имарат курчоого алынды. Азыр аталган фактты аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп атат», —  деди ал.

БААУнун профессорлорунун бири «Клооптун» кабарчысына курган маегинде болжолдуу саат 13:00дө имаратта өрт коопсуздук билдиргичи иштеп кеткенин кабарлады.

«Башында биз бул өрткө каршы окуу деп ойлогонбуз. Бирок андан кийин милиция кызматкерлери келишти. Алар бизге дагы эки-үч саат иш жүргүзө турганын айтышты», — деди ал.

Универститетте окуган студент кыздын айтымында, эвакуацияланган адамдар окуу жайдан 200 метр алыстыкта турушкан, бирок милиция кийинчерээк аларды андан да арыраак турууну суранышкан.

«Мен милициянын кызматкеринен бомба жөнүндө сурадым. Анын айтымында, сапёрлор окуя болгон жерге келишкен. Ал ошондой эле, ал жакта бомба бар же жогун билбейм деп айтты. Алар имаратка эч кимди жакындатпай жатышат», — деди ал «Клоопко».

Борбор Азиядагы Америка университети 1993-жылы негизделген. Университеттин билим берүү планы магистр даражасын алууну каалаган бакалаврлар үчүн 14 программа ал эми студенттер үчүн 4 программаны камтыйт.