ЖМК: Матраимов Бажы кызматынан алынганын даттанып Сапар Исаковду сотко берди

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Сүрөт: tazabek.kg

Райымбек Матраимов экс-премьер-министр Сапар Исаков менен соттошот. Исаков аны Бажы кызматынын төрага орун басарлык кызматынан алган. Доо арыздын максаты — кызматтан алуу «мыйзамсыз» экенин далилдөө.

Исаковко каршы доо арыз боюнча 26-апрелде белгилүү болду — бул тууралуу «Азаттык» үналгысына Матраимовдун агасы, КСДПнын парламенттеги депутаты Искендер Матраимов билдирген. Депутаттын айтымында, анын инисин бошотуу боюнча чечим «мыйзамсыз» болгон, анткени Райымбек Матраимов кызматтан кетүү жөнүндө арыз берген эмес.   

«Мен ошол замат премьер-министр Сапар Исаковго кирип, жөн жайын сурагам. Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев “кызматтан бошот деп айтты, ошондуктан мен иштен алдым” деди. Атамбаев кийин маалымат жыйынында өзү деле “Матраимовду бошот деп мен айткам” деди го. Бул маселеде дагы башка жагдайлар бар, алар кийин ачыкка чыгат. Ошондуктан иним Райымбек Сапар Жумакадыровичти сотко берди. Сотко бергенин мен да колдойм, ал өзүнүн актыгын далилдеши керек», —  деди Искендер Матраимов.

Искендер Матраимовдун айтымында, инисинин сотко кайрылгандагы максаты кайрадан Бажы кызматынын төрага орун басарлык кызматына кайтуу эмес, мыйзамсыз жумуштан алынганын тастыктоо.


ТЕМА БОЮНЧА: