Жаңы башкы прокурор Жамшитов жөнүндө эмнелер белгилүү?

Өткүрбек Жамшитов 24-апрелде парлементтин депутаттарынын суроолоруна жооп берип атат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-апрелде Өткүрбек Жамшитовду Кыргызстандын башкы прокурору кылып дайындады. Мурдараак анын талапкерлигин парламенттин депутаттары жактырышкан. Жамшитов ким жана ал жөнүндө эмнелер белгилүү экенин айтып беребиз.

Жамшитовду башкы прокурорлук кызматка эки күндө жактырышты. Парламент 25-апрелде анын талапкерлигин колдоп добуш берип, ал эми эртеси күнү президент анын дайындалышы жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Жамшитов парламентте башкы прокуратураны 2002-2005-жылдары жетектеген Мыктыбек Абдылдаевдин «батасын алганын» билдирген. Мындан тышкары, ал «таза» иштеп, «башкы прокуратурага болгон ишенимди жогорулууну» убада кылган.

Жамшитовдун айтымында, ал башкы прокурорлук кызматка дайындалаарын күткөн эмес. «Мага чалып сунушташканда, силер ишенбейсиңер, мен эмне деп жооп берүүнү билбей калдым. Беш мүнөт үндөбөй отуруп калдым», — деген ал.

Коомчулукта Жамшитов жөнүндө Жалал-Абад облусу боюнча башкы прокурор болуп эмгектенип, Индира Жолдубаева отставкага кеткенден кийин бул кызматка келгендигинен башка дээрлик эч нерсе белгисиз.

Жамшитов — болжолдуу Ош облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы начальниги Асилбек Жамшитовдун баласы. Алардын жок дегенде эле фамилиялары окшош, ал эми жаңы прокурордун атасынын аты — Асилбекович.

Жамшитовдун өмүр таржымалынан ал жаш экени (бирок Жолдубаевадан улуу) белгилүү. Жамшитов 42 жашта жана бул жылдардын жарымысын ал эмгек жолун 1997-жылы Талас облсунда прокурордун жардамчысы кызматынан баштаган прокуратурадагы жумушка арнаган.

Прокуратурадагы 21 жыл

Кыргыз басылмаларында азырынча анын буга чейинки жумушуна карата терс баалар жок, мисалы, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова (ал бул кызматты 2011-2015-жылдары аркалаган) «Азаттык» үналгысына курган маегинде Жамшитовду «тынч прокурор» катары тааныганын айткан.

«Күнүмдүк ишин облустук, райондук деңгээлде бул киши жакшы эле аткарып келген экен да. Мен башкы прокурор болуп турганда жаман сөз уккан эмесмин. Жаман иштерге аралашпаган, тынч прокурор болчу,» — деп билдирген Салянова.

Ош облусундагы Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы Жакшылык Жороев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде Жамшитовду «өз ишин билген адис» катары мүнөздөп берди. Жороев менен Жамшитов Ош облусутук жана Алай райондук прокуратураларында бирге иштешкен.

Жороевдин айтымында, Жамшитов 2008-жылы Ош облусунун ооруканаларында массалык түрдө ВИЧ-инфекциясын жуктурган балдардын окуясына байланыштуу ишти иликтеген.

«Жамшитов өлкөдө СПИД боюнча ишти иликтеген биринчи тергөөчү болгон. Ал бул ишти сотко чейин жеткирген. [массалык түрдө ВИЧ-инфекциясын жуктуруу үчүн жоопкер] врачтар кылмыш жоопкерчилигине тартылган», — деди ал.