Кыргыз аткаминерлери өз имиджи үчүн эмнелерден баш тартышкан?

Абылгазиев, Исаков, Бабанов жана Сариев

Кыргызстандын жаңы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн жолдорду тосуудан, «ашыкча» күзөтчүлөрдөн жана кортежден баш тарткан. Ушундай эле чечимди ага чейинки премьер Сапар Исаков да кабыл алган. Кыргыз аткаминерлери өз имиджи үчүн эмнелерден баш тартышкан?

Кыргыз саясатчыларынын акыркы «эрдиктеринин» бири премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин кортежден, ашыкча күзөчтүлөрдөн жана жол жабуудан баш тартканы болду.

Ал мындай буйрукту премьер-министрлик кызматка дайындалгандан кийин эртеси күнү 21-апрелде берген.

Мындай кадамдарга ага чейинки өкмөт башчылар да барышкан: Сапар Исаков 2017-жылы жана Өмүрбек Бабанов 2012-жылы. Ал эми премьер-министр Темир Сариев 2015-жылы өз үй-бүлөсү үчүн KG сериясындагы авто унаадан баш тарткан.

Сооронбай Жээнбеков

Жолду толугу менен жабуудан баш тартуу

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангангандан кийин көп өтпөй эле өз кортежи үчүн жолду толугу менен жабуудан баш тарткан. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Жээнбеков «шаар тургундарына тоскоолдук жаратпаш үчүн» жумушка таң эрте саат 7:45те келет.

Аны кортежи өтүшү үчүн өкмөттүк жолдун болгону бир эле тарабы жабылат. Буга чейин президенттик кортеж өтүшү үчүн өкмөттүк жолдун бардыгы жабылчу.

Журналисттерге доо коюудан баш тартуу

Президент «24.kg» агенттиги менен журналист Кабай Карабековго койгон 10 млн сом дооматынан баш тарткан. Бул акчаны басылма менен журналист жарыяланган макалалардын бири үчүн төлөп бериши керек болчу.

Ал макалада «Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары» менен байланышы болушу ыктымалдыгы жөнүндө айтылган. Карабеков менен «24.kg» басылмасы төгүндөө жарыялап, президенттен кечирим сураган.

Катардагы авиа каттам менен учуу

Апрель айында президент эконом-класстагы катардагы авиа каттам менен Ошко учуп барып келди. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жээнбеков ал жакка бир тууган агасы Кантөрө Токтомаматовдун дүйнөдөн кайтканына бир жыл толуп, жылдыгына барган.

Жээнбековдун катардагы авиа каттам менен эле учуп барып келгени коомчулукта колдоого алынып, өлкө башчысынын президенттик учакты колдонбогону жакшы бааланган.

Эмгек өргүүсүнө, жада калса Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясына катардагы эле авиа каттамдарды колдонгон экс-президент Роза Отунбаева да ушундай эле кадамдарга барган.

Президенттен башкаларычы?

Акыйкатчы Кубат Оторбаев 2017-жылы октябрда мамбюджетти «үнөмдөө максатында» 1,5 млн сомго жолтандабас сатып алуудан баш тартып, жолтандабаска кете турчу акча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жумшалган. Бул акыйкатчы институту демөөрчүлөрдүн акчасына сатып алган жолтандабастын айынан чыккан сын пикирлердин шартында болду. Анткени акыйкатчы институтунун имаратынан жанында бир жылга чукул каралбай калган жолтандабас токтоп турган.

Парламентарийлер 2015-жылы айдоочулары бар кызматтык унаалардан баш тартышкан, бирок алар өздөрүнө кызматтык батирлер менен жардамчыларды калтырып коюшкан. Эки жыл өткөн соң 2017-жылы парламенттин депутаттары коомдук транспортту жана кызматтык батирлерди бекер колдонуу сыяктуу артыкчылыктардан баш тартууну каалашпай, андан тышкары, ишке келбегендик үчүн маяналырын кыскартууга каршы чыгышкан.