Орусия ЖМКсы Казакстанда АКШнын аскер базасы пайда болоорун жазууда. Чын эле ошондойбу?

Каспий деңизиндеги Казакстандын Актау порту.

Орусиянын ЖМКлары атайын жүктөрдүн транзити жөнүндө эки тараптуу келишимдин ратификацияланышынын айынан Казакстанда АКШнын аскер базалары пайда болушу мүмкүндүгүн ырасташууда. Казак бийлиги бул маалыматты четке кагып, аны «фейк» деп атап жатат.

Эмне болгон?

Казакстандын сенаты 19-апрелде Американын атайын жүктөрүн Ооганстанга алып барүү үчүн АКШга Каспий деңизиндеги Актау жана Курык казак деңиз портторун колдонууга уруксат берген протоколду ратификациялаган.

«Көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин тизмегине "Актау" жана "Курык" порттору кирген. Мунун бардыгы коңшу Ооганстанда туруктуулукту, дүйнөдөгү тынчтыкты колдогон АКШнын стратегиялык өнөктөшү — Казакстандын кызыкчылыгы үчүн гана жасалууда», — деди Казакстандын Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов.

Атайын жүктөр Казакстанга деңиз аркылуу Азербайжандан келет, андан кийин темир жол аркылуу Ооганстанга жөнөтүлүп турат.

АКШ атайын жүктөрдү Ооганстанга Казакстан аркылуу жеткирүү зарылчылыгы Пакистандагы аскерий-саясий туруксуздуктан жана АКШнын Ооганстандагы аскерлерин материалдык жактан камсыздоодо негизги маршрут аркылуу өткөн пакистандык тарап менен пикир-келишпестиктерден улам муктаждык жаралгандыгы менен негиздөөдө.

Орусия ЖМКлары эмне деп жазышкан?

Орусиянын «Независимая газета» басылмасы 24-апрелде Актау порту «транзиттик түйүн» деп аталганына карабастан автоматтык түрдө америкалыктардын аскер базасы болуп калышы туурасында эксперттердин пикирлери камтылган кеңири материал чыгарган.

Эксперттердин пикири боюнча, Казакстандын мындай аракеттери «антиорусиялык форматка ээ», бирок жалпысынан Орусиянын кызыкчылыктарына коркунуч туудурбайт.

Орусиянын көптөгөн басылмалары бул материалды ар кандай түшүнүктөрдө калчап, кайра басып чыгарышкан.

Мамдуманын КМШ иштери боюнча төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин Regnum басылмасына курган маегинде Астана АКШнын кызыкчылыктары жөнүндө болгон кепте дайыма «стратегиялык өнөктөштүк» деген түшүнүктү колдонуп, ошол эле кезде Казакстан Москва үчүн маанилүү маселелерде бейтарап позицияны ээлеп алат деп билдирди.

«Биз Каспийде биргелешип иш алып барууну келишкенбиз. Ал жакта Каспийге кирбеген мамлекеттердин аскерлеринин пайда болушу — бул ошол боюнча келишимдердин духунун өзүн бузуу», — деп келтирди Затулиндин айткандарын Regnum.

Мындан тышкары, ал Вашингтон Казакстандын аймагында аскер базасын уюштурушу мүмкүндүгүн жана «Казакстандын аракеттери талкууланган же талкууланат, себеби алар Каспийге кирген өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына таасир этет» деп үмүттөндү.

RT басылмасы Американын аскер флоту Каспий деңизинде пайда болушу мүмкүн эмес, себеби бул үчүнчү өлкөлөрдүн кемелеринин Каспийде пайда болушун шарттабаган жана бул «Каспий клубуна» кирген Орусия Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Иран мамлекеттеринин келишимдерине каршы келет деп жазган.

Казак бийлиги эмне деп жооп берген?

Казакстандын Орусиядагы элчилиги 27-апрелде орус ЖМКларында Казакакстандын бөлүгүндөгү Каспий деңизинде АКШнын аскер базаларынын пайда болушу жөнүндө жарыяланган материалдарды «фейк жаңылыктардын» катарына кирген «негизделбеген жалган ойлор» деп атады.

Ошондой эле, мекеме Казакстанда Пентагондун аскер базалары ачылбай турганын, ал эми АКШ куралданбай эле Казакстанды атайын жүктөрдү жеткирүү үчүн колдонот деп билдирген.

«Белгилүү болгондой, мурдараак Орусия АКШ менен ушундай эле келишим түзгөн жана атайын багыттагы жүктөрдү жеткирүүгө катышкан», — деп айтылат ведомствонун маалыматанда.

Орусия чынында эле 2009-2015-жылдары алты жыл аралыгында Американын аскер жүктөрүн Ооганстанга жеткирүүгө катышкан.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 2015-жылы Орусиянын аймагы аркылуу Ооганстанга НАТОнун аскер жүктөрү менен куралдарын жеткирүүнү жокко чыгарган токтомго кол койгон. Бул Орусия менен АКШ жана батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелердин солгундап кетишинин шартында болгон. Ал учурда Орусия Крымды аннексиялап, аталган өлкөлөр Орусияга карата санкцияларды киргизген.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 28-апрелде анын өлкөсү Орусия менен абдан жакын мамиле түзгөнүн айтып, аларды «үлгүлүү» деп атады.

«Орусия — бул Кудай берген деп айтылгандай биздин тарыхый кошуна. Биз Казакстан менен Орусиянын ортосунда мамлекеттер аралык мамилелердин үлгүсү катары абдан жакын мамилелерди курдук. Биз бул принципке ишенебиз жана аны сакташыбыз керек, анткени бул Казакстандын түпкү кызыкчылыгына жооп берет», — деди ал.

Назарбаев Казакстан Ооганстанга жүктөрдүн транзити үчүн «Актау» портун НАТОго пайдаланууга берүүгө даяр экендигин 2013-жылы эле билдирген.