Армения парламенти премьер-министрлик кызматка талапкер оппозиция лидери Пашинянга каршы добуш берди

Никол Пашинян

Армения парламенти оппозициялык «Елк» фракциясынан өкмөт башчылык кызматка талапкер Никол Пашиянга каршы добуш берди. Пашинян мурдагы өкмөт башчыга каршы нечен миңдеген каршылык акциясын жетектеп чыккандан кийин Серж Саргсян премьерликтен кеткен.

Пашиянга 55 депутат каршы добуш берсе 45 депутат макул деп добуш берген. Жеңиш үчүн ага 53 добуш керектелген. Пашиянга болгону башкаруучу Армениянын республикалык партиясынан 6 добуш гана жетпей калды.

Парламентте добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон Армениянын республикалык партиясы Пашинян үчүн добуш бербестигин билдирди.

Башка партиялар оппозиция лидерин колдой тургандыктарын айтып чыгышкан. Мурдараак Республикалык партиясы менен бирге коалицияга кирген «Дашнакцутюн» фракциясы өз депутаттарынын биринен мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатты тапшыруусун талап кылган, анткени ал Пашинян үчүн добуш берүүдөн баш тарткан.

Пашинян 1-май күнү эртең менен Армениянын республикалык фракциясы «премьердин шайлоосун кулатууну чечкенин» билдирген. Анын маалыматы боюнча, партиянын өкүлдөрү отставкага кеткен премьер-министр Серж Саргсян менен түнү жолугушуп, «бийликте калып, андан соң парламенттик шайлоо өткөрүүнү» макулдашышкан.

Пашиняндын тарапкерлери шайлоо өтүп жаткан учурда эртеден кечке Еревандын борбордук аянтында болушту — буга аларды Пашинян өзү үндөгөн.

Пашинян Армениянын премьер-министрлик кызматына жалгыз талапкер болду. Башка фракциялар, өзгөчө башкаруучу Армениянын Республикалык партиясы өз талапкерин көрсөтпөөнү чечкен.

Армениядагы каршылык акциясы

Никол Пашинян өлкөдө 13-апрелде башталган көп миңдеген каршылык акциясын жетектеп чыккан. Оппозиция мурда 10 жылдай Армениянын президенти болгон Серж Саргсяндын премьер-министрлик кызматка дайындалышына каршы чыккан.

Саргсян өзүнүн экинчи преизенттик мөөнөтү аяктап жатканда конституциялык реформа өткөргөн, ошондуктан Арменияда бийлик системасы жарым президенттиктен парламенттикке өзгөргөн. Президенттин ыйгарымдары чектелип, аны партиядан же партиялардын коалицияларынан аттанып, шайлоодо көпчүлүк добуш алган премьер-министрдин пайдасына бөлүп беришкен. Эл аралык деңгээлде да өлкөнү премьер-министр тааныштырат, ал эми президентти эми парламент шайлап калат.

Каршылык билдирүүлөргө карабастан, парламент өкмөт башчылыкка Серж Саргсянды шайлаган. Ошол учурда Никол Пашинян каршылык акциясы уланаарын билдирип, аларды «баркыт революциясы» деп атаган.

Армения бийлиги 22-апрелде оппозиция менен сүйлөшүү өткөрүүгө аракет жасаган. Премьер-министр Серж Саргсян каршылык билдирүү кыймылынын лидери Пашинян менен «Марриотт Армения» мейманканасында жолугушкан. Бирок жолугушуу бир нече мүнөткө гана созулган.

Пашинян жолугушуу учурунда «кеп диалог жөнүндө эмес, кеп бир гана сиздин  [Саргсяндын] отставкаңыз жөнүндө болууда» деп билдирген. Премьер-министр Пашиняндын талаптарын «мамлекетти опузалоо» деп айтып, мейманкадан кетип калган.

Армениянын башкы прокуратурасы ошол эле күнү массалык башаламандыктар фактысы боюнча Пашияндын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, ал кармалган.

Серж Саргсян

Бирок эртеси күнү 23-апрелде Пашиян бошотулуп, ал эми Серж Саргсян отставкага кеткен. Буга карбастан, оппозиция каршылык акциясын улантып, буга чейин Саргсянды премьер-министрликке шайлаган парламентте кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган.

Ошондой эле, Пашинян парламент анын талапкерлигин премьер-мнистрлик кызматка жактырышы керектигин билдирген.

«Эл менин талапкерлигимди өлкөнүн премьер-министрлик кызматына көрсөттү. Эгерде парламенттик фракциялар мени шайлабаса, анда эч кимди шайлай алышпайт. Премьерди шайлоо күнү биз бүтүндөй Армения элин аянттарга чогултабыз. Элдин мүдөөсүн ошондо аткарбай коюшканын көрөбүз», — деп билдирген Пашинян.