АФК-2018: «Алай» клубу түркмөнстандык «Алтын Асырга» 0:5 эсебинде утулду

Түркмөнстандын Балканабат шаарында 2-май күнү «Алай» клубун «Алтын Асыр» командасы өз талаасында кабыл алды. Азия футбол конфедерациясынын 2018-жылындагы кубогунун тандап алуу баскычындагы беттеш 5:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына чечилди.

Азия футбол конфедерациясынын 2018-жылдагы кубогунун тайпалык тандоо мелдештеринин алкагында 2-майда конокто ойногон «Алай» клубунун футболчулары түркмөнстандык «Алтын Асырга» 0:5 эсебинде утулуп калды.

Биринчи таймдын 6-мүнөтүндө жарым коргоочу Мекан Ашыров «Алай» клубунун дарбазасына гол киргизип, оюн эсебин ачты. «Алтын Асырдын» чабуулчусу Алтымырат Аннадурдыев беттештин 27-мүнөтүндө командасына экинчи голду алып келди.

Оюндун экинчи бөлүгүнүн 60-мүнөтүндө түркмөнстандык футболчу Мурад Ягшыев оюн эсебин 3:0го чыгарып, 8 мүнөттөн кийин пенальтини ишке ашырып дагы бир гол киргизди. Экинчи таймдын аягында Алтымырат Аннадурдыев экинчи тобун киргизип, 5:0 эсебинде «Алтын Асыр» командасына пайдасына жыйынтыкталды.

Буга чейин 7-мартта Ош шаарында «Алай» командасы «Алтын Асыр» клубу менен өз талаасында беттешип 3:6 эсебинде жеңилген болчу.

Кыргыз футболчулары 16-майда өз талаасында Түркмөнстандын «Ахал» клубу менен кездешет — бул АФК-2018 кубогунун финалына тандап алуу баскычындагы акыркы оюн.   

Азырынча D тайпасында «Истиклол» клубу 13 упай менен алдыда баратат.

1960-жылы Оштун командасы деп түзүлгөн топ жети жылдан соң «Алай» деген аталышты алган. Ал Кыргызстандын үч жолку чемпиону жана өлкө кубогуна ээ болгон.

«Алтын Асыр» футбол клубу Ашхабад шаарында 2008-жылы негизделген. Түркмөнстандын жогорку лигасында ойнойт жана Байланыш министрлигинин командасы. Өзүнүн тарыхында үч жолку өлкө чемпиону жана эки жолку президенттик кубоктун ээси аталган.


ТЕМА БОЮНЧА: