Видеодон скриншот. ИМдин фондогу туусу редакция тарабынан жабылды

Социалдык тармактарда «Ислам мамлекетинин» атынан беткапчан адам Бишкектин бийлигине «ультиматум» койгон видео пайда болду. Анда ал калаа бийлигинен мугалим Мукарам Токтогулованы «шаардан чыгарууну» талап кылган жана эгерде талабы аткарылбаса, «кан төгүү» менен коркутушканы тартылган. УКМК бул видеону текшере баштады.

Эмне болду?

Коомдук тармактарда «Бишкектин бийлигине ультиматум» деген аталышта видео жайыла баштаган. Видеодо экстремисттик «Ислам мамлекети» (ИМ) уюмунун желегинин фонунда беткапчан эки адамды көрүүгө болот. Алардын бирөөсү бийликтен Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) мугалимин шаардан чыгарууну талап кылып, болбосо «Бишкекте абдан көп кан төгүлөт» деп айткан.

«Азыр Бишкекте болуп жаткандардын бардыгы — бул аптада баштала турган чыныгы аскерий аракеттерге даярык. Эгерде силер биздин бир тууганыбыз Мукарам Токтогулованы бошотпосоңор бул аракеттер башалат. Биз Бишкектин бийлигине ультиматум коёбуз», — деген алардын бирөөсү.

Ошондой эле, ал «полиция кийинки имараттарды зыянсыздандырууга жетишпей калат» деп билдирген — бул сөздөр акыркы он күндө бомба тууралуу чыккан үч маалыматтын шартында айтылды. Бомба коюлгандыгы тууралуу биринчи маалымат БААУда, экинчиси «Бишкекпарк» соода борборунда, үчүнчүсү «Бишкек-2» темир жол бекетинде чыккан.

Кыргызстандын атайын кызматтары бул учурдун бардыгын текшерип, жардыруучу зат табылбаганын билдиришип, ошондон кийин укук коргоо органдары «телефон террористин» издей баштаган.

Эмнелер белгилүү?

Экинчи видео

Чындыгында эки видео кайрылуу болгон: алардын биринде белгисиз адамдар Бишкектин бийлигине, ал эми экинчисинде бишкектиктердин өздөрүнө кайрылышат. Экинчи видеодо беткапчан адам Токтогуловага кимдин гана колу тийсе, «ал тозокто күйөт» деп айткан.

«Мага жана менин бир туугандарыма Бишкек шаарында биз үчүн абдан көп жакшылык кылган эжебиздин ар-намысына шек келтирилгени белгилүү болду. Мен Мукарам Токтогуловага жолуктурган Аллахка ыраазымын. Ал Аллахтын жардамы менен мага жалгыз туура жол көрсөткөн адамдар менен тааныштырган», — дейт беткапчан адам.

Азырынча бул ИМби же жокпу белгисиз

Эки видеонун чын төгүн азыр аныктоо мүмкүн эмес.

Эки чыгырык тең бирдей араб тамгаларынан башталат, аларды «Биз Аллахка ишенгенибизди билдиребиз» деп которсо болот.  Ошондой эле анда ИМ менен Орусиядагы ИМдин уюгу болгон «Кавказ Вилаяттын» энбелгилери бар.

Бирок чыгырыктын экөөсү тең төмөн сапатта, субтитрлерсиз, кадрлардын буручтарында энбелгилери жок тартылган.

Негизинен ИМдин атынан тартылган видеолор жогорку сапатта тартылат жана айрым учурларда видеого террористтерге жакын медиа-топтордун энбелгилери кошулат.

Ага карабастан видеодогу белгисиз адам ИМдин атынан сөз сүйлөйт, ал эми уюм өзү азырынча видео алар тарабынан тартылган же тартылбаганын тастыктай элек.

Террористтердин ишмердигине байкоо салган мисалы, Terror Monitor сыяктуу уюмдар азырынча видео чындыгында эле ИМ тарабынан жасалганын билдирише элек. 2015-жылы июлда тартылган Кыргызстандын элине даректелген ИМдин биринчи видеосунда Terror Monitor анын чын-төгүнүн тастыктаган.

Мукарам Токтогулова деген ким?

Токтогулова БААУда этнография сабагын берет.

Апрелдин ортосунда ал өз студенттерин Казакстанда 1997-жылы түзүлүп, 2009-жылы тыюу салынган «Ата Жолы» сектасына тартууга аракеттенгендиги үчүн айыпталган.

Токтогулова өзү «Ата Жолына» тиешеси бар экенин четке кагууда.

«Мен ал уюмга мүчө эмесмин, жада калса ал жөнүндө эч нерсе билбейм. [...] Мен бул жөнүндө кече күнү эле Германиядагы курбу кызым [фейсбукта] ошол постту жөнөтүп ийгенден кийин билдим. Мен шок болуп атам, чынында эмне кылышты билбей атам», — деп келтирди «Кактус» басылмасы анын сөздөрүн.

УКМК бул видеону иликтеп атат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы видеону даярдоого жана жайылтууга тийиштиги бар адамдардын өздүгүн аныктап атканын билдирүүдө. УКМКнын маалыматы боюнча, Токтогулова азыр Кыргызстандын чет жакасында командировкада жүрөт.

«Мукарам Токтогулова укук коргоо органдарынын, анын ичинде УКМКнын байкоосуна кабылган эмес, анын укуктарын чектөө боюнча кандайдыр бир маселе коюлган эмес», — деп айтылат маалыматта.

ИМ — көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылган уюм. «Ислам мамлекети» Ирак менен Сириянын аймагында «халифат куруу боюнча» иш жүргүзүп келатат. Уюм душмандарына жана туткундарга кылган таш боордугу менен таанымал, ал эл көзүнчө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.