Владимир Путин төртүнчү ирет Орусиянын президенти болуп калды

Москвада 7-майда Владимир Путиндин инаугурация салтанаты өтүп, ал төртүнчү ирет Орусиянын президенти болуп калды. Эми Путин мыйзам боюнча Орусияны 2024-жылга чейин башкарат.

Кайрадан шайланган президент Москванын Кремлиндеги Андреев залында ант берди.

«Орусияны коргоо менен элге кызмат кылууну жашоомдогу максатым жана милдетим деп эсептейм», — деди Путин ант бергенден кийин.

Алгачкы жолу Путин 2000-жылы президент болуп, ал эми 2004-жылы кайра эки мөөнөткө шайланган.

Орусиянын баш мыйзамы боюнча бир адам эки мөөнөт гана катары менен президент боло алат, ошондуктан Путин 2008-жылы шайлоого аттанган эмес. Президенттик кызматка ошол кезде буга чейин премьер-министр болгон Дмитрий Медведев келген. Медведев шайлангандан кийин Путин орус өкмөтүн жетектеп, ал кайра президенттикке шайланганга чейин 2012-жылга дейре премьер-министр болуп турган.

Орусияда 2008-жылы президенттик кылуунун мөөнөтү төрт жылдан алты жылга чейин көбөйтүлгөн. Ошондуктан 2012-жылы башталган Путиндин кийинки президенттик мөөнөтү 2018-жылга чейин созулган.

Путин 18-мартта төртүнчү ирет Орусиянын президенттик шайлоосунда жеңип чыкты. Расмий маалыматтарга ылайык, ага шайлоочулардын 76 пайызы добуш беришкен. Путиндин жаңы президенттик мөөнөтү ал 71 жашка толгон кезде 2024-жылы аяктайт.

Шайлоодон кийин Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы олуттуу эреже бузуулар болбогонун ырастаган. Ал эми оппозиция бюллетендерди тобу менен таштоодон тарта байкоочуларды коркутууга чейин жеткен көптөгөн эреже бузууларды аныктаган.

Путинге каршы митингдер

Путиндин төртүнчү инаугурациясына чейин эки күн мурда Москвада жана Орусиянын башка шаарарында «Ал бизге падыша эмес» аттуу каршылык акциялары өтүп, митингчилер президентке каршы чыгышты.

Митингдер Орусиянын бир нече шаарларында гана макулдашылган. Алардын ичинен көпчүлүгүндө бийлик акция өткөрүүгө баш тартып койгон. Москвадагы митинг учурунда анын уюштуруучусу жана оппозиционер Алексей Навальный кармалган. Ага «митингди уюштуруу боюнча белгиленген тартиптин кайталанып бузулушу» үчүн айып тагылган.

Жалпысынан Орусиянын ар кайсы шаарларында 1600гө чукул адам кармалган. Укук коргоочулардын айтымында, кармалгандардын жарымы автозактарда ур-токмокко алынган. Кармалгандардын арасында мектеп окуучулары да болгон. Саратовдо кармалган 12 жашар баланын атасына ата-энелик милдетти аткарбоо жөнүндө протокол түзүлгөн. Мектеп окуучусу митингге чыгып, губернатоду сынга алган.

Акциянын аталышы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондусунун «Ал силерге Димон эмес» антикоррупциялык тасмасына үндөшөт. Ал Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин мүлкү жөнүндө баяндайт. Тасма чыккандан кийин 2017-жылдын 26-мартында адамдар каршылык акциясына чыгып, бийликтен Медведевдин нечен миллиондук мүлкү жөнүндөгү Навальныйдын иликтөөсүнө реакцияны талап кылган. Ал кезде миңден ашуун адам кармалган.