Армения парламенти оппозиция лидерин премьер-министрликке шайлады

Никол Пашинян 8-майда премьер-министрлик кызматка шайланаар алдында парламенттин алдына чыгып сүйлөдү. Сүрөт: «Азатутюн» үналгысы

Армения парламентинин депутаттары оппозиция лидери Никол Пашиянындын талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырышты. Пашинян Ереванда 13-апрелден тарта өтүп жаткан бийликке карата массалык каршылык акциясын жетектеген.

Пашиняндын премьер-министрлик кызматка талапкерлиги үчүн 42 депутат каршы, 59 депутат макул деп добуш берди. Өкмөт башчы болуп калыш үчүн ага болгону 53 добуш керектелген.

Буга чейин бийликчил болгон аарламенттеги Армениянын республикалык партиясынынын лидери Ваграм Багдасарян ал оппозициялык болуп калаарын билдирди.

«Биз өзүбүздүн саясий позициябыз менен коркунучтарды сактоо менен бирге бул жол менен кетип атабыз, биз оппозиция болууга да даярбыз. Бирок биз өз өлкөбүздүн, өз мамлекетибиздин кызыкчылыктарына тоскоол болбойбуз [...]. Бизге чейинки болгон оппозиционерлерге караганда биз позитивдүү өзгөрүүлөрдү көрүп жана баалаганга, ал эми жагымсыз көрүнүштөрдү сындап, сүйлөшүүгө барууга даярбыз», — деп билдирди Багдасарян.

Парламентте добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон Армениянын республикалык партиясы ал бизди «ишендире алган жок» деп билдирүү менен 1-майда Пашияндын премьер-министрлик кызматка талапкерлигине каршы добуш берген.

Добуш берүү учурунда Пашинянды үч фракция колдогон, анын ичинде Пашинян өзү жетектеген жана премьерликке анын талапкерлигин көрсөткөн оппозициялык «Елк» фракциясы бар. Еревандын борбордук аянтында оппозициянын миңдеген тарапкерлери шайлоонун жыйынтыктарын күтүп турушкан.

Парламенттеги шайлоодон кийин Пашинян дароо эле Еревандын борбордук аянтындагы тарапкерлерине чыгып, «кескин каршылык билдирүүгө», тактап айтканда, жолдорду, аэропортторду жана темир жолдорду тосууга чакырган.

Карышлык акциясы учурунда Ереванда кыймыл токтоп калган. Каршылыкка чыккандар шаар көчөлөрүн, Ереван аэропортуна барчу жолду, шаар метросун жана темир жолдорду бууп алышкан.

Эртеси күнү Армениянын республикалык партиясы оппозициянын талапкерин премьер-министрлик кызматка колдоп берүүгө макул болгон. Анда фракция лидери Ваграм Багдасарян Армениянын республикалык партиясынын колдоосуна ээ болуш үчүн оппозициядан талапкерди парламент депутаттарынын үчтөн бири көрсөтүшү керектигин билдирген.

Армениядагы каршылык акциясы

Никол Пашинян өлкөдө 13-апрелде башталган нечен миңдеген каршылык акциясын жетектеп чыккан. Оппозиция мурда 10 жылдай Армениянын президенти болгон Серж Саргсяндын премьер-министрлик кызматка дайындалышына каршы чыккан.

Саргсян өзүнүн экинчи преизенттик мөөнөтү аяктап жатканда конституциялык реформа өткөргөн, ошондуктан Арменияда бийлик системасы жарым президенттиктен парламенттикке өзгөргөн. Ошентип, президенттин көпчүлүк ыйгарымдары партиядан же партиялардын коалицияларынан көрсөтүлүп, шайлоодо көпчүлүк добуш алган премьер-министрдин пайдасына өткөн.

Каршылык билдирүүлөргө карабастан, парламент өкмөт башчылыкка Серж Саргсянды шайлаган. Ошол учурда Никол Пашинян каршылык акциясы уланаарын билдирип, аларды «баркыт революциясы» деп атаган.

Серж Саргсян каршылык билдирүүлөрдүн шартында 23-апрелде отставкага кеткен. Буга карабастан, оппозиция мурдараак Саргсянды премьерликке шайлаган парламентте кайра шайлоо өтүүсүн талап кылып, нааразылык акциясын уланткан.


ТЕМА БОЮНЧА: