Күндүн саны: Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун канча ардагери калды?

Кыргызстан 9-майда Жеңиш күнүн белгилейт — бул Улуу Ата Мекендик согуштун жана Советтер Союзунун нацисттик Германияны жеңишине арналган майрам.

Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда немис армиясы Советтер Союзунун чек арасына кол салгандан кийин башталган. Төрт жылга созулган согуштун жүрүшундө бери эле дегенде Советтер тарабынан 27 млн адам набыт болгон.

Согуш 8-май күнү кечинде (Борбордук Европа убактысы боюнча) Германиянын капитуляциясы менен аяктаган, бирок формалдуу түрдө Советтер Союзу бул өлкө менен 1955-жылдан тарта согуш абалында турган.

Мааниси боюнча, Улуу Ата Мекендик согуш — бул 1939-жылы башталып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү.

Алуу Ата Мекендик согушка Кыргыз ССРинин 365 миңге жакын тургуну катышкан, алардын ичинен дээрлик 100 миңи согуш талаасында набыт болгон. Согуш учурунда 150 миңден ашуун кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланган, алардын ичинде 72си Советтер Союзунун Баатыры.