Ош милициясы Өзгөндө аварияга кабылган машиналар премьердин кортежинен болгондугун четке кагууда

Премьер-министр Мухаммедкалый кортежиндеги жолтандабастын бири кырсыктан кийин. Сурөт: «Турмуш».

Ош милициясы Өзгөн районунда жол кырсыгына кабылган эки жолтандабас премьер-министр Музаммедкалый Абылгазиевдин кортежинен болгондугун четке какты. Мурдаарак патрулдук милициядан жол кырсыгына премьерди коштогон машиналар кабылганын билдиришкен.

Маалымат саат 21:10до жаңыртылды

Ош ИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» курган маегинде Өзгөн районундагы жол кырсыгы премьер-министрдин кортежи өтүп кеткенден кийин болгонун айтты.

«"Жигулинин" айдоочусу катарын алмаштыргысы келип, жолдун ортосуна туруп алган. Ошол учурда аны "Тойота Лэндкрузер", андан кийин аралыкты сактабаган дагы бир "Лексус" жолтандабасы сүзүп алган. Жабыркагандар жок. Жол кырсыгына кабылгандар премьер-министрдин кортежинин машиналарынын катарында жок болчу», — деди Аширбаев.

Анын айтымында, жабыркаган жолтандабастардын биринде үн коштогуч болгон. Азыр милиция машианын айдоочусу аны мыйзамдуу же мыйзамсыз алганын такташтарып жатат.

Милициядан «Жигулиде» райондун мамлекеттик «Өзгөн нуру» гезитинин журналисттери болгонун кабарлашты.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызмат башчысынын орун басары Атыра Бекмурзаева «Клоопко» өкмөт башчынын кортежиндеги машиналар 7-май күнү жол кырсыгына кабылганын тастыктаган.

«Биз дагы деле премьер-министр кабылган жол кырсыгынын чоо-жайын аныктап жатабыз. Биз азыр бул кандай болгондугу жөнүндө маалымат ала элекпиз. Кандай үлгүдөгү машина, жол кыймыл эрежесин ким бузгандыгы боюнча маалыматтар такталып жатат», — деген ал.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жол кырсыгы 7-майда болжолдуу күн жарымдап калган кезде Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айлында болгон.

Премьер-министрдин кортежиндеги экинчи машина жол кырсыгынан кийин. Сүрөт: «Турмуш».