Ош облусунун Алайку өрөөнүндө өткөрүлгөн этнофестивалга эки миңден ашуун киши катышты. Салтанатка чет элдиктер да күбө болушту.

Кара-Кулжа районундагы Алайку өрөөнүндө 5-майда өткөн этнофестивалга кыргызстандыктардан сырткары, Франциядан, Испаниядан, Сингапурдан, Америкадан, Германиядан, Якутиядан, Таиланддан жана Орусиядан туристтер келишкен.

Уюштуруучулардын бири Айжаркын Эркинбек кызынын айтымында, фестиваль үчүн Алайкунун Сай-Талаа айылында 22 боз үй тигилди.

«Кыргыздын салттык жөрөлгө, нукура кооздоолору менен таанышуусуна шарт түзөлү деп туристтерди боз үйлөргө түнөттүк. Ысык-Көлдөн да ички жасалга, улуттук буюмдары менен кошо төрт боз үй алдырганбыз», — дейт уюштуруучу.

Фестивалда улуттук оюндардын сегиз түрү: көк бөрү, эр эңиш, жорго жарыш, ат жарыш, кыз куумай, аркан тартыш, бука тартыш, күрөш боюнча мелдеш өтүп, байгеге акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары улуттук жасалга, тамак-аш, аспаптар, кол эмгектер көргөзмөгө коюлду.

Иш-чара «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында өткөрүлүп, максаты өлкөнүн түштүгүнө ички жана тышкы туристтерди тартуу болуп эсептелет. Уюштуруучулар бул фестиваль көчмөндөр цивилизациясын жайылтууга, даңазалоого шарт түзөт деген пикирде.

Сүрөттөрдүн автору: Майрамбек Таалайбек уулу