«Өлбөс-өчпөс полк» жөө жүрүшүнүн катышуучулары. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Ош шаарындагы Жеңиш күнүнө арналган салтанатка жети миңдей киши катышты. Майрамдык иш-чарага Экинчи дүйнөлүк согуштан аман кайткан 15 ардагер, тылда эмгектенген 23 жумушчу келген.

Андан тышкары биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Орусиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин да майрамдык салтанатка күбө болушту.

Салтанат «Өлбөс-өчпөс полк» жөө жүрүшү менен башталып, үч миңге чукул адам эки чакырым аралыкты басып өтүштү. Андан соң согушта курман болгондор эскерилип, «Өчпөс от» мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюлду.

Майрамдык иш-чарада маданият кызматкерлеринин жана студенттердин театрлаштырылган концерттик программасы тартууланды.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 миң 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3 миң 118 жоокер курман болуп, 401и дайынсыз жоголгон.

Учурда Ош шаарында согуштун 15 катышуучусу, тылдын 23 ардагери бар.