Январдагы авариядан кийин ЖЭБдин буу казандарындагы тоңуп калган түтүктөр ачык от менен ээритилип жатат. Сүрөт: Даниль Усманов/Kloop.kg

Парламентарийлер Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептери жана анын жаңыртууга кеткен 386 млн доллардын сарамжалдуу пайдаланылышы жөнүндө өз корутундусун даярдашты. Депутаттар өз корутундусун 10-майда парламенттин жыйынында ачыктоону убада кылышты. Депутаттык иликтөө жөнүндө азыр эмне белгилүү экенин айтып беребиз.

Эмне болду?

Депутаттар Бишкектин жылуулук борборундагы авариянын себептери жана аны жаңыртууга алынган кытай насыясынын сарамжалдуу пайдаланылышы жөнүндө өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын ачыктоого даяр.

Бишкек ЖЭБди жаңыртууга Кыргызстан 386 млн доллар короткон — бул акчаларды насыя катары Кытайдын мамлекеттик «Эксимбанкы» бөлүп берген. Кыргызстан натыйжада насыя боюнча пайыздарды эсептөө менен 500 млн доллар кайтарып бериши керек.

Ошол эле учурда жаңыртуу ишин Кытайдын TBEA компаниясы аткарган, ал өз алдынча Кытайдан жабдыктарды сатып алып, долбоор үчүн субподрядчыларды өзү тандаган.

Жаңыртууга суроолор 2018-жылдын январында Бишкек ЖЭБде болгон авариядан кийин пайда болгон. Бузулуунун айынан бишкектиктердин көпчүлүк бөлүгү шаарда абанын температурасы түнкүсүн Цельсий боюнча -25 градустан ылдый төмөндөп жаткан учурда дээрлик беш күн аралыгында жылуулуксуз калган.

Депутаттар эмнени билип чыгышкан?

Депутаттар өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын 10-майда парламентте ачыктоону убада кылышты. Комиссиянын мүчөлөрү корутундунун айрым деталдарын ар кандай басылмаларга курган маегинде айтып беришкен.

Жыйынтыктоочу корутундуда көрсөтүлгөн кызматтар менен сатылып алынган жабдыктардын кымбаттатылган баасы, андан сырткары, жаңыртуу боюнча келишимге кол коюуда коррупция жөнүндө факттар келтирилген.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов каражаттарын чыгымдалышы боюнча отчеттор кабыл алуу-өткөрүү актылары жок эле кол коюлганын айтты.

Акылбек Жамангулов

«Каражаттар мыйзам бузуу менен которулганы жана алардын чыгымдалышы жөнүндө отчеттор актысы жок эле кол коюлгандыгы үчүн көптөгөн жетекчилер жоопкерчиликке тартылышат. […] Жабдыктардын, курулуш материалдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кымбаттатылганы боюнча абдан көп жаңы факттар ачыкка чыгып атат», — деди ал.

Жамангуловдун айтыманда ЖЭБди жаңыртууда муздаткычтардын баасы, мисалы, 57 эсе кымбаттатылган.

«Базарда миң доллардан кымбат эмес турган муздаткычтардын бир даанасы көрсө 57 миң доллардан сатылып алынган жагдайлар бар. Силер ал ошончо тураарына ишенесиңерби? Бул жерде баа 57 эсе жогорулатылган! Андан сырткары, арматура, метал жасалгалары, цемент, бетон сыяктуу башка материалдардын баасы кымбаттатылган», — деди ал.

Комиссиянын мүчөлөрү корутундуга ЖЭБди жаңыртууга түз жана кыйыр тиешеси бар бардык адамдардын аттары киргизилген деп ишендиришти.

Сайдулла Нышанов

Комиссия мүчөсү Сайдулла Нышановдун айтымында, документке жаңыртууга тиешеси бар бардык адамдардын «чечим кабыл алгандарынан баштап, документти даярдагандарга чейинкилердин» ысымдары кирген.

Корутундуда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ысымдары бар экени белгилүү. Сатыбалдиев Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимге кол коюлган учурда өкмөттү жетектеген.

Документке мурдагы экономика министри Темир Сариев жана мурдагы финансы министри Ольга Лаврованын ысымдары да кошулган. Алар келишимди даярдоодо бул ведомстволорду башкарып турушкан.

Мындан тышкары, корутундуга мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун экс-башчысы Нурсулуу Ахметованын аттары да кирген.

Алар президенттик аппаратта бөлүм башчы болуп иштеп, Бишкек ЖЭБдин көйгөйлөрү жана аны жаңыртуу керкетиги боюнча анализ даярдашкан. Ошондой эле, корутундуга ТВЕАнын чакыруусу боюнча Кытайга барып келишкен депутаттардын ысымдары да кирген.

Документте өзүнүн орун басары Аскар Бешимовдун терс корутундусуна карабастан ЖЭБдин кытай тараптан жаңыртылышы жөнүндө келишимге кол койгон тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да көрсөтүлгөн.

Бешимов кызматтык колдонуу үчүн документте келишимдин айынан Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө коркунуч жаралып атканын кабарлаган.

«Биз аларды түз айыптуу деп айтпайбыз, бирок аларга саясий баа берүү жагын коёбуз. Калган "ким айыптуу, айыптуу эмес" деген маселеге күч кызматтары тактап, чекит коёт», — деген Нышанов.

Депутаттар укук корго органдары алардын корутундусун негиз катары алып, документте көрсөтүлгөн бардык жоопкер адамдарды текшериши керек деп эсептейт.

Ысымдары документке кирген аткаминерлердин акыркы тизмеси иликтөөнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин гана белгилүү болот.

320 долларлык аттиштер менен 1600 долларлык өрт өчүргүчтөр

Нурлан Өмүркул уулу

Жаңыртуунун баасы кымбаттатылганы жөнүндө маселени авариянын айынан бошотулган ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу да көтөргөн. Анын айтымында, мындай жаңыртуунун реалдуу баасы натыйжада ага коротулган 386 млн доллар эмес, 250-260 млн долларды түзөт.

Ал жылуулук борборун жаңыртууда акчалар эмнелерге коротулганы беренелер боюнча жазылган документтерди көрсөткөн. Акчанын көбүнчөсү атайын жабдууларды алууга кеткен, бирок суроолорду жараткан чыгымдардын айрым беренелери бар.

Көрсөтүлгөн документтерге ылайык, административдик чыгымдарга 14,4 млн доллар коротулган. Документтерде деталдуу түрдө бул акчалар тагыраак эмнелерге жумшалганы жазылган эмес. Ошондой эле, ал документте «консультантка кеткен чыгым» дээрлик 6 млн долларды түзгөнү көрсөтүлгөн.

Коомдук тармактарда эки аттиштин баасы 640 доллар болгону чоң резонанс жараткан. Бирок бул суроо туудурган жалгыз (эң эле кымбатка турган) сатып алуу эмес — документтерге ылайык, 30 киллограмдык күкүмдүү өрт өчүргүч үчүн 1600 доллардан төлөп беришкен, ал эми андайлардан алты даана сатылып алынган. Мындай өрт өчүргүчтүн базар баасы болжолдуу 200 долларга барабар.

25 киллограмдык үч өрт өчүргүчтүн ар бири 1400 доллардан айланган — бул дагы базар баасына дал келбейт.

Айбек Калиев

«Электр станциялар» ишканасы документтин аныктыгын төгүндөгөн да, четке каккан да эмес, бирок жаңыртуунун баасын «адекваттуу» деп атаган.

Улуттук энергохолдингдин башчылык кызматынан кете элек кезде Айбек Калиев сатып алуу тизмегине «аттиштер» деп чубалма жылдыргыч үчүн атайын шаймандарды белгилешкенин билдирген — бул 18 ар түрдүү шайманы бар чемодан жана узундугу 20 метр вулканикалык резинанын эки блогу болгон.

Бирок Өмүркул уулу Улуттук энергетикалык холдинг аттиштердин кымбат баасын негиздеп бериш үчүн жөн гана «документтерди өзгөртүп» койгон деп ырастоодо. Анын айтымында, Калиев көрсөтүп берген шаймандары бар чемодан сатып алуу тизмегинде өзүнчө көрсөтүлүп, ар бири 105 доллар турган.

Аткаминерлерди кармоо

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек ЖЭБдеги авария жана аны жаңыртуудагы коррупция иши боюнча Улуттук энергохолдинг менен «Электр станциялар» ишканасынын топ-менежментиндеги беш адамды кармаган.

Атайын кызматтар азырынча иликтөөнүн деталдарын ачыкташа элек, бирок кылмыш иши кылмыш-жаза кодексинин «Шалаакылык», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу», «Коммерциялык уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Жасалмалоо же жасалма документтерди колдонуу» беренелери боюнча жүргүзүлүп жатат.

Улутутук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев кармалгандардын ичинен акыркы болуп калды. Премьер-министр аны бул кызматтан авария болгондон кийин эки жарым ай өткөн соң бошоткон.

Сапар Исаков премьер-министр болуп турган кезде бир нече жолу Калиевди бошотпой жатканынын себебин биринчи кезекте анын күнөөсүнүн деңгээлин баалаш керек деп билдирген. Мындан тышкары, ал Калиевди «пара албаган жана коррупцияга аралашпаган» «чынчыл бала» деп атаган.

Исаковдун өкмөтүн отставкага кетиришкенден кийин УКМК анын өзүн да күбө катары суракка чакырган. Исаков сурактын өзүнө комментарий берген эмес, бирок «бардыгы иликтениши керек. Коомчулук бардык нерсенин чоо-жайын билиши керек» деп билдирген.

Экс-премьер-министр Исаков УКМКдагы сурактан кийин

Исаков суракка чейин «Апрель» телеканалына курган маегинде ЖЭБдеги авария боюнча «моралдык жоопкерчилик» тартууга даяр экенин, бирок «өзүнө мурдагы премьерлердин катачылыктарынын жүгүн алууга» даяр эмес экендигин билдирген. Исаковдун айтымында, ал өкмөттү жетектей баштаганда, жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштери аягына чыккан болчу.

Өкмөттүк комиссия авариянын себебин «жабдуулардын суука даяр эместиги», «буу казандар үчүн тузсуздаштырылбаган суунун жетишсиздиги» жана «кызматкерлердин макулдашылбаган аракеттери» менен байланыштырган.

Депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБдеги авария көптөгөн себептерге байланыштуу болгон деп эсептеген, мисалы, «энергетика тармагынын саясатташканы», «кадрларды тууганчылык менен дайындоо» жана «эски жабдуулар».

Бирок аткаминерлер, анын ичинде Сапар Исаков да бир нече ирет авария ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүнө байланыштуу эмес экенин белгилешкен.