«Сотторго басым жасоо» үчүн айыпталып аткан Манас жана Алмаз дегендер ким? Түшүндүрөбүз

Коомдук тармактардын кыргыз сегментиндеги Манас жана Алмаз аттуу аткаминерлерди судьяларга басым кылуу боюнча айыптап, жигердүү талкуулап жатышат. Алар ким экенин түшүндүрөбүз.

Контекст: 2018-жылдын апрелинде Максуда Оморова кызы Гульчехра Оморованы «Ак үйдүн көрсөтмөсүн» аткарбай койгондугу үчүн судьялык кызматтан кетирип салышканын фэйсбукта жазып чыккан. Оморованын айтымында, президенттик администрациядагы көрсөтмөлөрдү Манас Арабаев жана Алмаз Маткасымов деген адамдар тескейт. Бул пост коомдук резонанс жаратып, укук коргоочулар менен парламентарийлер сотторго кылынып жаткан басымды териштирүүнү талап кылышкан.

Манас Арабаев жана Алмаз Маткасымов дегендер ким?

Биринчи жолу Арабаев менен Маткасымовдун ысымдары ЖМКда 2016-жылы пайда болгон. Ал кезде парламенттин депутаты Канатбек Исаев аларды судьялардын ишмердигине кийлигишүү үчүн айыптаган. Анын айтымында, «бардыгы Манастын жана анын орун басары Алмаздын телефон чалуусу менен чечилет». Анда президенттин администрациясы бул маалыматты четке каккан.

Манас Арабаев президенттик администрацияда 2013-жылы дароо эки бөлүмдө, укуктук камсыздоо жана сот реформасы бөлүмдөрүндө, эксперттик кызматта иштей баштаган. 2015-жылы президент Алмазбек Атамбаев аны сот реформасы бөлүмүнүн башчысы кылып дайындаган. Арабаев өзү буга чейин үч жыл аралыгында судья болуп эмгектенген.

Арабаевге караган Алмаз Маткасымов эч качан президенттик администрациянын кызматкерлеринин катарында байкалган эмес, ошентсе да аны Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен болгон жакын байланышына ишарат кылып, Арабаевдин «орун басары» жана «серый кардиналы» деп аташкан.

Маткасымов жөнүндө болгону Атамбаевдин учурунда ал УКМКнын, ИИМдин жана Башкы прокуратуранын антикоррупциялык кызматында иштегени эле белгилүү. Ал ошондой эле, 2013-жылы президенттик аппарат түзгөн сот жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча эксперттик топко кирген.

Укук коргочулар бул маалыматты текшерүүнү талап кылышыууда

Сөз эркиндигин коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбековго Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымов тарабынан судьяларга басымы жөнүндө маалыматты текшерүү өтүнүнү менен кайрылды. Алар өз кайрылуусунда эл алдында айыптоолорду ачык карап, аларды кызматтарынан алууну талап кылышты.

«Адилет» укук коргоо уюмунун башчысы Чолпон Жакупова да башкы прокурорго текшерүү өткөрүүсүн өтүнүп, кайрылуу жазган. Жакупованын «Клоопко» айтышынча, анын көп жылдык тажрыйбасында мурдагы судья президенттин администрациясы тарабынан басым жана кийлигишүү болуп жатканы жөнүндө биринчи жолу ачык билдирип чыкты.

Расмий түрдө Кыргызстандын бийлиги азырынча Арабаев менен Маткасымовдун айланасындагы резонанска байланыштуу эч кандай билдирүү жасай элек. Мамлекеттик кызматкерлер өзү да комментарий бере элек. Арабаев 2016-жылы судьялардын жумушуна кийлигишүү боюнча айыптоолорду четке какканы эле белгилүү.