«Чайна Роад» компаниясы Оштун борбордук аянтын оңдоп берет

Ош шаарынын борбордук аянты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Ал үчүн Кыргызстандагы жолдорду оңдогон Кытайдын «Чайна Роад» компаниясы өз эсебинен 27 млн сом жумшайт.

Ош шаарынын борбордук аянтын толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн ремонт иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Исраилов «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, ремонт иштеринин жүрүшүндө Өчпөс от монументинен тарта Айыл-чарба техникумунун корпусуна чейин жаңы асфальт төшөө жана темир тосмолорду жаңыртуу пландалган.

«Оңдоп-түзөө Ош шаардык мэриясы жана Кытайдын “Чайна Роад” компаниясынын ортосунда 2016-жылы 17-майда түзүлгөн меморандумдун негизинде ишке ашууда. Жолдор башкармалыгынын божомолу боюнча оңдоп-түзөө иштерине 27 млн сом кетээри күтүлүүдө. Каражатты “Чайна Роад” компаниясы достуктун белгиси катары өз эсебинен сарптамакчы», — деди Исраилов.

Ал кошумчалагандай, бул «Чайна Роад» менен түзүлгөн алгачкы келишим эмес. 2016-2017-жылдары компания өз эсебинен 5 млн сомго Ош шаарынын жолдорундагы зебраларды боёп берген.

Аянтты оңдоп-түзөө иштерин ушул жылдын июль айына бүтүрүү пландалууда. Ага байланыштуу 11-майдан тарта борбордук аянт эки айга жабылды.


ТЕМА БОЮНЧА: