Бишкек мэри: Бузулган «Нарын» ресторанынын ордуна гүлбакча курулат

2017-жылдын октябрында «Нарын» ресторанын буздуруу

Бишкектин мэри Албек Ибраимов сүрдүрүлгөн «Нарын» ресторанынын ордуна гүлбакча курулаарын убада кылды. Мурдараак шаар бийлиги бул жерге 20 кабаттуу «Хуалинь» отели салынаарын маалымдаган.

Ибраимов 15-майда Бишкектин Октябрь районунун тургундары менен жолугушууда бузулган «Нарын» ресторанынын ордуна отелдин курулушуна уруксат бербегенин кабарларды.

«Мен "Нарын" ресторанынын ордуна курулуш жүргүзүүгө уруксат бербедим, бирок инвестор ири өлчөмдө акча салган. [...] Инвестор ал жер тилкесине, аны бузууга, ошондой эле, имаратты сатып алууга [каражат] салган. Азыр болсо мен ал жакта ишкана болбойт деп айттым. Ал жерде гүлбакча болот, шаар үчүн эстелик тургузулат», — деди ал.

Ибраимов шаар бийлиги инвесторго кун төлөп берген же бербегенин ачыктаган жок.

Гүлбакча менен эстелик кандай боло турганы жөнүндө да кененирээк маалымат берилген жок, андан сырткары, жаңы долбоорду ишке ашыруунун да мөөнөтү белгисиз.

«Бишкек башкы архитектура» 2017-жылдын июнунда бузулган ресторандын ордуна 20 кабатту «Хуалинь» отели курулушу мүмкүндүгүн билдирген, бирок кийинчерээк шаар бийлиги отелдин курулушу үчүн башка жер тилкелерин издей баштаган.

Акыркы он жылда каралбай калган абалда турган «Нарын» рестораны ноябрдын аягында буздурулган.

Отельдин эскиздеринин бири

«Нарын» рестораны XX кылымдын 80-жылдарында курулган. 2005-жылы март айында Аскар Акаевдин бийлиги кулатылгандан кийин аталган имарат колдон колго өтүп келген. Имарат түнкү клуб, казино катарында пайдаланылып келинген.