Мушташкан окуучу кыздар. Милиция окуя Ошто болгонун аныктады

Коомдук желеге окуучу кыздардын мушташкан видеосу тарап, шаардык милиция тасма Ош шаарында тартылганын жана окуучулардын тек-жайы аныкталганын маалымдады.

Окуучу кыздардын урушуп жатканы тартылган видео 15-майда интернетке тарап, колдонуучулар окуяны Ош шаарындагы Исхак Разаков орто мектебинде болгонун жазышкан.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Райхан Абдразакова окуя апрель айынын башында болгонун «Клоопко» тастыктады.

«Конфликтке барган кыздар Ош шаарындагы мектеп окуучулары экени такталып, өздүгү аныкталды. 16-майда алардын өзү жана ата-энелери менен маектешүү жүргүзүлөт. Күнөөлүүлөр аныкталса мыйзам чегинде жазаланат», — деди Абдразакова.  

Басма сөз катчынын айтымында, окуучулар менен ата-энелери укук коргоо органдарына кайрылган эмес жана өз ара жарашып алышкан.

«Урушкан кыздарга мурда Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан начар жүрүм-туруму үчүн эскертүү берилген экен. Мындай фактка жол берген жана кызматына кайдыгер мамиле жасаган милиция кызматкерлери болсо, алардын жоопкерчилиги каралат», — деп кошумчалады Абдразакова.


ТЕМА БОЮНЧА: