Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев стадионунда 16-май күнү «Алай» футбол клубу Түркмөнүстандын «Ахал» командасын кабыл алды. Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандап алуу баскычындагы акыркы беттеште да кыргыз футболчулары атаандашына 2:3 эсебинде утулуп, алты оюнду тең жеңилүү менен аякташты.

Азия футбол конфедерациясынын 2018-жылдагы кубогунун тайпалык тандоо мелдештери «Алай» клубу үчүн жыйынтыкталды. Акыркы оюн 16-майда кыргыз футболчуларынын өз талаасында түркмөнстандык «Ахалды» кабыл алуу менен аяктап, беттеш 2:3 эсебинде коноктордун пайдасына чечилди.

Биринчи тайм

Бул ирет кыргыз футболчулары оюндун башында активдүүлүгүн көрсөтүп, беттештин 16-мүнөтүндө Алия Силла оюн эсебин ачып берди.

Экинчи таймдын 20-мүнөтүндө «Алай» клубунун дагы бир чабуулчусу Жоел Кожо атаандашынын дарбазасына гол киргизүү менен эсепти 2:0го чыгарды.

Оюндун экинчи бөлүгү жыйынтыкталаарына бир нече мүнөт калганда түркмөнстандык «Ахалдын» чабуулчусу Мурат Аннаев өз командасына алгачкы голду алып келди.

Экинчи тайм

Калыстын ышкырыгы жаңыраары менен «Алайдын» футболчулары түркмөнстандык клубдун дарбазасына бир нече ирет жакындап барып топ киргизүүгө чамынышты. Бирок, «Ахалдын» оюнчуларынын жигердүү каршылыгынан улам аталган аракеттер жыйынтыксыз аяктады.

Экинчи таймдын 15-мүнөтүндө түркмөнстандык Мурат Аннаев атаандашынын дарбазасына сокку узатып, «Алайдын» дарбазачысы топту бийиктиктен тосуп алып, оюн эсебин 2:1де сактап калды.

«Ахал» командасынын коргоочусу Гүйчмурат Аннагүллиев беттештин 20-мүнөтүндө оюн эсебин теңеди.

Оюндун жүрүшүндө «Алайдын» чабулчуулары Жоел Кожо менен Алия Силла мыкты оюн көрсөткөнүнө карабастан, алардын гол киргизүү аракеттери майнапсыз болду.

Экинчи таймга төрт мүнөт кошулуп, аталган мүмкүнчүлүктү Түркмөнстандын футболчулары өз кызыкчылыгына пайдалана алышты. «Ахалдын» чабуулчусу Бегенч Ахмамедов командасына үчүнчү голду алып келип, оюн 3:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Буга чейин Түркмөнстандын Балканабат шаарында 2-май күнү конокто ойногон «Алай» клубу «Алтын Асырга» 0:5 эсебинде утулган болчу.

АФК-2018 кубогунун финалдык оюндарына тандап улуу баскычында «Алай» клубу алты беттеш өткөрүп, бардыгында утулуу ызасын тартты.

Акыркы оюндун жыйынтыгы боюнча 14-упай менен “Алтын-Асыр” командасы алдыга озуп чыгып,  финалдык беттеш үчүн ат салышууга жолдомо алды.

«Алай» футбол клубу Азия футбол конфедерациясынын 2018-жылындагы кубогунун тандап алуу мелдештеринде D тайпасына түшкөн. Азия кубогунун тандап алуу баскычында түркмөнстандык «Алтын Асыр», «Ахал» жана тажикстандык «Истиклол» клубдары менен беттешти.

1960-жылы Оштун командасы деп түзүлгөн топ жети жылдан соң «Алай» деген аталышты алган. Ал Кыргызстандын үч жолку чемпиону жана өлкө кубогуна ээ болгон.

«Ахал» футбол командасы Түркмөнстандын Ахал облусунда 1989-жылы негизделген.  Клуб эки ирет Түркмөнстандын вице-чемпиону аталып, ошончо жолу өз өлкөсүнүн кубогун жеңип алган. 2015-жылы АФК кубогунда дебют жасаган.

Сүрөттөрдүн автору: Айдана Марс кызы