Сүрөт: «Апрель»

«Апрель» телеканалынын кызматкерлери билдиришкендей, «Бета Сторес 2» супермаркетинде журналисттер мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр жөнүндө сюжет тартып жатышканда аларга күзөтчүлөр кол салган. Теле кызматкерлердин камераларын тартып алып, алардан жазмаларды өчүрүп салышкан. Милиция текшерүү жүргүзүүдө. Бул жөнүндө эмнелер белгилүү?

Эмне болду?

«Апрель» телеканалынын журналисттери 16-майда «Бета Сторес 2» супермаркетинде мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү тартып жүрүшкөн — алар мөөнөтү өтүп кеткен йогурт сатылган дүмүрчөктүн сүрөтүн жарыялашкан.

Журналисттердин айтымында, съемка учурунда күзөтчүлөр менен «Бета Сторестин» администрациясынын кызматкерлери аларды жерге түртүп, видеокамераларды тартып алышкан, андан соң алар камералардан жазманы өчүрүп салышкан.

«Алар журналисттерди жерге жыгып, үч камераны тартып алышкан, ошол эле маалда алардын бирөөсүнө (GoPro экшн-камерага) зыян тийгизилген. Андан сырткары, камеранын бирөөсүнөн флеш-картаны чыгырып алып, кайтырып беришкен эмес», — деп жазды «Апрель» телеканалы.

Журналисттер милиция чакырышкандан кийин маркеттин кызматкерлери камераны кайтарып беришкен. Журналисттер супермаркеттин кызматкерлеринин кол салуу, маалымат алууга тоскоолдук жаратуу, андан сырткары, аппаратурага зыян келтирүү фактысы боюнча Отябрь РИИБине арыз жазышты.

Бишкек ШИИБдин басма сөз катчысы Адыл Оморов «Клоопко» мындай окуя катталганын тастыктап, милиция текшерүү жүргүзүп атканын билдирди. Материалды чыгараар алдында «Бета Сторес 2» супермаркетинин администрациясы комментарийлерге жеткиликсиз болду.

Дүкөндөрдүн жана супермаркеттердин ичинде видео тартууга болобу?

Болот. «Прецедент» компаниясынын юристти Эдил Эралиев «Клоопко» дүкөндөр менен супермаркеттерде видео тартууга болоорун айтты, анткени алар коомдук жайлар деп эсептелет.

Анын айтымында, мыйзамдарда «коомдук жайлардын» так аныктамасы жок, ошондуктан дүкөндөрдүн администрациялары дайыма алардын аймагында видео тартууга тыюу салышат. Бирок Эралиев эгерде ал жабык болсо гана дүкөндө тартууга болбойт деп эсептейт.

«Мен коомдук жай адамдар ээн эркин басып жүргөн жерлер деп эсептейм, дүкөндөр иштөө тартибин өздөрү аныкташат жана ошол иш тарбиби боюнча адамдар ал жерде видеого тарткандан тышкары ээн эркин да жүрө алышат», — деди Эралиев.