«Клооп Медиа» Ош шаарындагы бюросуна оператор-монтажер издейт

«Клооп» — Кыргызстандагы журналистиканын сапатын көтөрүүнү жана билим берүүнү өнүктүрүүнү каалаган алдыңкы медиа уюмдардын бири.

Биз өлкөдөгү окуяларды күн сайын чагылдырып турабыз, бирок андан тышкары башка ишмердүүлүгүбүз менен да таанымалбыз. Жаңылыктардан тышкары биз:

• фестивалдарда көрсөтүлгөн даректүү тасмаларды тартабыз;

• коррупциялык жана кылмыштуу схемаларды ачып чыккан Борбордук Азиядагы эң сапаттуу иликтөөлөрдү жүргүзөбүз;

• окурмандарыбыздын жүрөгүнөн түнөк тапкан мекендештерибиздин таасирдүү окуяларын баяндап беребиз;

• журналистикадагы тенденцияларга көз салып, бул тармактын өнүгүшүн алдын ала баамдайбыз;

• Кыргызстандагы медиа чөйрөнү өнүктүрүүгө аракет кылабыз. Чакан өлкөдө жашап туруп, эбегейсиз эмгек жаратса болоорун өзүбүздүн мисалыбызда көрсөтөбүз.

Түзүлгөнүбүзгө он жыл болсо, бул убакыттын ичинде биздин коомчулукка киргендердин саны жүздөп саналат. Алар качандыр бир кезде биздин мектептен билим алган же болбосо бизде эмгектенип кеткен адамдар болуп эсептелет.

Учурда биздин Ош шаарындагы бюробузда оператор-монтажер үчүн бир жумуш оруну бар. Талаптар менен таанышып, вакансия сизге ылайык болсо, онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүңүз. Билдирме 27-май саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Эмне кылыш керек болот?

Оператор-монтажер күн сайын кызыктуу окуяларга көз салып, темаларды команда менен чогуу талкуулашы керек. Окурмандар үчүн видео материалдарды даярдап чыгарууга жоопкерчилик алат. Андан тышкары, түз видео эфирди да чагылдырууга милдеттүү. Кыргыз тилинде сабаттуу жаза алышы кажет. Ошондой эле орус жана англис тилдерин билген талапкерлерге артыкчылык берилет.

Милдеттери кандай?

• Журналисттик жөндөм менен коомдук желелерден жана айлана-чөйрөсүндөгү окуяларды баамдай билет

• Өз алдынча жана команда менен иштей алат

• Сайт жана коомдук тармактар үчүн видео тартып, монтаждап чыгарат

• Түз видео эфирлерди чагылдырат

• Видео материалдарды текст менен коштоп жаза алган

• Жаңы идеяларга ачык, ойлоп тапкыч жана чыгармачыл

• Premiere Pro, Photoshop монтаждоо программаларын мыкты билет (After Effects жана Illustrator программаларын билгендерге артыкчылык берилет)

• 24/7 байланышта болууга макул

Айлыгы канча? Маектешүүнүн натыйжасында макулдашылат.

Кабыл алуу мөөнөтү аяктады