ЖМК бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кулматовдун үйү тинтилгенин билдирүүдө. Эмне белгилүү?

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов. Сүрөт: "Азаттык"

«Вечерний Бишкек» басылмасы өз маалымат булактарына таянып, бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун үйү тинтүүгө алынганы жана ага каршы козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергөөнүн сырына байланыштуу бул окуяга комментарий берүүдөн баш тарты, ал эми Кулматов өзү үйүндө тинтүү болгонун тастыктады.

«Вечерний Бишкек» сайты Кубанычбек Кулматовго каршы козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирди. Акыркы беш жыл аралыгында ал бажы кызматынын, Улуттук банктын жана Орус-кыргыз өнүктүрү фондусунун башкармалыгынын төрагалык кызматтарын ээлеген, андан сырткары ал Бишкек шаарынын мэри да болгон.

Тинтүү жана кылмыш иши жөнүндө аты аталбаган маалымат булакка таянып, «KNews» сайты да жазып чыкты. Басылмалар кылмыш иши 18-майда козголуп, ал эми Кулматовдун үйү 19-майда тинтилгенин жазышкан.

Кубанычбек Кулматов өзү анын үйү тинтүүгө алынганын тастыктады, бирок УКМК буга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

«Бул иштин алкагында тергөө жүрүп атат, мен эч нерге комментарий бере албайм», — деди УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов.

Кулматовго каршы кылмыш иши менен тинтүүнү аткаминер Бишкек мэри болуп турган кезде мектеп курулушуна жумшаган кытайдын ТВЕА компаниясы берген грант менен байланыштырышууда.

Мурдараак 11-майда Кулматов УКМКга суракка чакырылган. Анда ал журналисттерге сурак ТВЕАнын грантына байланыштуу болгонун өзү билдирген.

«Биз мектепти ТВЕАнын гранттык каражаттарына Калыс-Ордо конушунда курганбыз. Бир гана ушул суроо болду, башка суроо болгон жок. Бардыгы мыйзамдуу болгон, мектеп турат. Кылмыш иши жок. Мэрия мектепти даяр турдө кабыл алган», — деди Кулматов.

Ал эми 14-майда Кубанычбек Кулматов бажы кызматынын төрагалыгынан бошотулганы белгилүү болгон. Ал ырастагандай, кызматтан кетүү жөнүндө арызды өзү жазган.

TBEAнын гранты

Кытайдын ТВЕА компаниясы «Бишкек ЖЭБди жаңыртуу» долбоору боюнча Кыргызстанга 20 млн доллар грант бөлгөн. Жаңыртуунун өзү 386 млн доллар кытай насыянын эсебинен жүргүзүлгөн.

Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, гранттык каражаттан 2 млн доллар Калыс-Ордо конушунда мектептин курулушуна сарпталган. Ошондой эле, гранттык каражаттын акчалары Кара-Кече Жылуулук электр станциясындагы (ЖЭС) курулушка техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга, «Датка-Кемин» электр чубалгаларын тейлөөгө, Бишкек ЖЭБдин персоналын окутууга жана жаңы эки трансформаторду сатып алууга жумшалган.

Бирок мамлекеттик өнөр жай комитетинин аткаминерлери ырасташкандай, кытай компаниясы грантты кай жакка жумшоо керектигин өзү чечип, сатып алуулардын баасын шарттуу аныктаган. Грант каражаттары кандай сарпталганы жөнүндө деталдуу документтер жок.

Коомчулук 2018-жылдын январынын аягында Бишкек ЖЭБде болгон авариядан кийин жылуулук борборун жаңыртууга кеткен чыгымдын сарпталышын иликтей баштаган депутаттык комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыктарына байланыштуу ТВЕА менен Бишкек ЖЭБдин айланасындагы жагдайга дыкат көңүл бура баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: