КСДП депутаттардын ЖЭБдеги авария боюнча корутундусун сынга алды

КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев партиялаштары менен.

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөөдө күч түзүмдөрү менен депутаттарды «тандамал мамиле кылуу» үчүн айыптады. Алардын пикири боюнча, коомчулукка экс-президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштырып жатышкан адамдардын «ишмердүүлүгүнө терс баа берүү жасалма түрдө тааңууланылып» жатат.

Контекст: Парламенттин депутаттары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, ЖЭБди жаңыртуудагы мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу керек деп эсептешет. Ошол эле учурда соңку айлардын ичинде Атамбаевге жакын адамдар өкмөттө жогорку кызматтарынан ажырап калышкан, ал эми саясат таануучулар анын учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен тирешүүсү жөнүндө айтышууда.

«Соттук процесс» жана «айыптоо элементтери»

Социал-демократиялык партия өз билдирүүсүн парламент депутаттык комиссиянын корутундусун карагандан кийин беш күн өтүп таратты. Ал Бишкек ЖЭБде эмне себептен авария болгонун жана жаңыртууга кеткен Кытайдын 386 млн доолар насыя каражата канчалык сарамжалдуу пайдаланылганын иликтеген.

Атамбаев жетектеген КСДП өз билдирүүсүндө депутаттык комиссиянын корутундусун сынга алган. Алардын айтымында, депутаттардын корутунду боюнча токтомунда «айыптоо элементтери бар», ал эми документтин өзүн кароо «сот процессин эске салган».

Партияга корутундуда 2018-жылы кышында болгон аварияга күнөөлүү кызмат адамдары жөнүндө айтылбаганы «таң калычтуу» көрүнгөн.

«Жогорку Кеңештин токтому Бишкек ЖЭБдеги 2018-жылдын январында болгон кыйроого түздөн түз күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө пункттарды камтыбаганы таң калыштуу. Мунун ордуна Парламент маселенин экинчи бөлүгүнө, тактап айтканда, адистердин пикиринде Бишкек шаарынын жылытуу системасын оңдолгус кыйроодон сактап калган ЖЭБди модернизациялоонун демилгечилерин айыптоого көңүл бурган», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, КСДП укук коргоо органдарын «айрым» кылмыш иштерин иликтөөдө «ачык эле тандамал мамиле кылууга» айыптаган.

Партия ЖЭБди жаңыртууга жана андагы аварияга байланыштуу иштерди айтууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет апрелде «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовду кармап, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сурактарга чакырган. Экөө тең КСДПнын мүчөсү, ал эми Исаков партиянын төргасынын орун басары да болуп эсептелет.

«Акыркы айларда биз коомчулукка Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаев менен байланыштырып жатышкан адамдардын ишмердүүлүгүнө терс баа берүү жасалма түрдө таңууланып жатканын, ошондой эле айрым кылмыш иштерин тергөөдө күч түзүмдөрүнүн ылгоочулук мамилелерин байкап жатабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Андан тышкары, партия бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго иш «ойдон чыгарылган себептер» боюнча козголгон деп эсептеген. УКМК аны ЖЭБди жаңыртуу долбоору боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы бөлгөн гранттын акчасына мектеп курууда болгон коррупцияга айыптаган.

«Биз эл аралык аудит келишимин кошкондо, Бишкек ЖЭБди модернизациялоону жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтерди жана мүмкүн болгон тартип бузууларды тыкан териштирүү зарылдыгын четке какпайбыз, бирок адегенде ЖЭБдеги кыйроого түздөн түз күнөөкөр болгон адамдарга карата чара көрүлүүгө тийиш деп эсептейбиз. Кеп участканын мастерлери жана цехтердин начальниктери эмес, ЖЭБдин директорунун рангасындагы жана андан жогорку жетекчилер туурасында жүрүп жатат», — деп айтылган партиянын билдирүүсүндө.

Депутаттык комиссиянын корутундусу

ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссияны парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Улан Примов жететектеген. 17-майда корутунду үчүн 104 депутат добуш берген, алардын ичинен депутаттардын 31и КСДП фракциясынан болгон. Анда жалпысынан 37 депутат бар.

Депутаттык комиссия өз корутундусунда ырастагандай, ЖЭБди жаңыртуу үчун жабдуулардын баасы кымбаттатылган, ал эми кытай тарап коротулган 386 млн доллар жөнүндө эч кандай деталдуу отчет берген эмес. Документте келишимге кол коюуда Кыргызстандын кызыкчылыктары эске алынган эмес деп айтылат.

Депутаттар башкы прокуратура келишимге кол коюуга катышкан адамдарга укуктук баа берүүнү, андан сырткары насыянын сарамжалдуу пайдаланылышын изилдөөнү токтом кылган.

Мындан тышкары, корутундуда президенттик аппараттагы тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Сапар Исаков Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыктарын «сүрөмөлөгөн» деп айтылат.  Корутунду талкууланган парламенттин жыйынында депутаттар Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда конституция боюнча тыюу салынганына карабай келишимге кол коюуда өкмөттүн ишине кийлигишкен деп билдиришкен.