Ошто дайынсыз жоголгон таксисттин сөөгү талаадан табылды

Он күндөн бери дайынсыз болуп жаткан айдоочу киши колдуу болгону аныкталып, анын күйгөн сөөгү 22-майда Кара-Суудагы талаадан табылды. Ош шаардык милициясы шектүүнү кармаган.

Ош шаарына караган Жийделик айыл өкмөтүнүн тургуну 13-майда Daewoo Matiz үлгүсүндөгү машинасы менен ишке чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Он күндөн кийин 31 жаштагы таксисттин сөөгү Кара-Суу районундагы Каратай айылына жакын жердеги талаадан табылган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдразакова «Клоопко» билдирди.

«Маркумдун денеси кылмышкерлер тарабынан өрттөлгөндүгү аныкталып, ал эми машинасы Токмок шаарынан табылды. Шектүү 28 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну. Ал кыргыз-казак чек арасынан өтүп баратканда 22-майда кармалып, кылмыш боюнча көрсөтмө берди», — деди Абдразакова.

Абдразакованын айтымында, кылмышка шектүү адамдар айдоочунун машинасын тартып алуу үчүн бул кадамга барган.

«Андан соң таксистти ѳлтүрүп, кылмыштын бетин жашыруу максатында денени ѳрттѳп жибергендигин айткан. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдар тууралуу иликтөө жүрүүдө», — деди ал.

Шектүү Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.


ТЕМА БОЮНЧА: