УКМК Кубанычбек Кулматовдун мүлкүн камакка алды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бажы кызматынын мурдагы төрагасы жана Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун мүлкүн камакка алды. Аны Бишкек жылуулук борборунда жаңыртуу ишин аткарган Кытайдын ТВЕА компаниясынын грантынан 2 млн доллар мыйзамсыз пайдаланылды деп айыпташууда.

УКМКнын басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына Кулматовдун мүлкү камакка алынганы боюнча маалыматты тастыктап берди.

Тергөө Кулматовду Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жаңыртуу ишин аткарган ТВЕА компаниясынын 2 млн доллар грант каражаты мыйзамсыз пайдаланылгандыгы жана коррупция боюнча айыптоодо.

Бул акчаны бийлик Бишкекте эки мектептин курулушуна жумшашы керек болчу. Бирок, тергөөнүн версиясы боюнча, Кулматов Бишкек мэри болуп турган кезде 2014-жылы акчаны Бишкектин чет жакасындагы Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна сарптаган.

«Кулматов “Альто Групп” ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытай компаниясынан 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен», — деп билдирген УКМК.

Кийинчерээк мектептин курулушун аягына чыгаруу үчүн бюджеттен 100 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн, бирок макулдашууларга ылайык, окуу жай ТВЕАнын грантынын эсебинен гана курулушу керек болчу.

УКМК жеке жалданма компаниялардын биринин жетекчисин кармап, учурда ал УКМКнын тергөө абагында камакта.

Кулматов өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагыларга саясий куугунтук жүрүп атканын билдирген.

«Менин жеке пикирим — бул саясий иш. Силер Жогорку Кеңеште, шаар мэриясында мага карата эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп атасыңар», — деген ал.

Кулматовго эч жакка кетпөө боюнча бөгөт чарасы коюлган.

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) Кулматов суракка алынып, анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин УКМКны Бишкек ЖЭБдеги аварияны жана анын жаңыртылышын иликтөөдө «тандамал мамиле кылып» атат деп айыптаган. Партия Кулматовго иш «ойдон чыгарылган себептер» боюнча козголгон деп эсептеген.

Ошондой эле, КСДП «акыркы айларда коомчулукка Кыргызстандын экс-президенти жана КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев менен байланыштырып жатышкан адамдардын ишмердүүлүгүнө терс баа берүү жасалма түрдө таңууланып жатканын билдирген».

TBEAнын гранты

Кытайдын ТВЕА компаниясы «Бишкек ЖЭБди жаңыртуу» долбоору боюнча Кыргызстанга 20 млн доллар грант бөлгөн. Жаңыртуунун өзү 386 млн доллар кытай насыянын эсебинен жүргүзүлгөн.

Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, гранттык каражаттан 2 млн доллар Калыс-Ордо конушунда мектептин курулушуна сарпталган. Ошондой эле, гранттык каражаттын акчалары Кара-Кече Жылуулук электр станциясындагы (ЖЭС) курулушка техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга, «Датка-Кемин» электр чубалгаларын тейлөөгө, Бишкек ЖЭБдин персоналын окутууга жана жаңы эки трансформаторду сатып алууга жумшалган.

Бирок мамлекеттик өнөр жай комитетинин аткаминерлери ырасташкандай, кытай компаниясы грантты кай жакка жумшоо керектигин өзү чечип, сатып алуулардын баасын шарттуу аныктаган. Грант каражаттары кандай сарпталганы жөнүндө деталдуу документтер жок.

Коомчулук 2018-жылдын январынын аягында Бишкек ЖЭБде болгон авариядан кийин жылуулук борборун жаңыртууга кеткен чыгымдын сарпталышын иликтей баштаган депутаттык комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыктарына байланыштуу ТВЕА менен Бишкек ЖЭБдин айланасындагы жагдайга дыкат көңүл бура баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: