Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги Бишкектин жер алдынан өтмөгүндөгү тешик. Тешиктин алды көлчүккө айланган. 28-май. Cүрөт: Эржан Бейшеналиев/Kloop.kg

Маалымат саат 13:32де жаңыртылды.

Филармониянын жанындагы жер алдынан өтмөктө жаандан улам тешик пайда болду. Бишкек мэриясы 27 млн сомго бул өтмөктө реконструкция жүргүзгөнүнө бир жыл боло элек.

2017-жылы сентябрда реконструкцияланган жер алдынан өтмөктүн ачылышанын кийин 20 күн өтүп анын үстүнөн жаандан улам суу тамчылай баштаган. Анда капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Койчогул Ибраимов суу эмне себептен тамчылап жатканын «жакын арада» аныктоону убада кылган.

Бишкек мэриясы шаар борборундагы эки өтмөктү 2017-жылы реконструкциялаган. Филармониянын жанындагы өтмөктөн тышкары, ЦУМдун жанындагы да өтмөк оңдолгон. Жалпысынан мэрия жер алдынан өтмөктөрдү оңдоого 70 млн сом короткон.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жер алдынан өтмөктө тешик анын үстүндөгү «эскилиги жеткен жана алмаштыруу керектелип калган» ирригациялык түтүктөрдүн айынан пайда болгон.

«Мурдагы жылы жер алдынан өтмөктөрдү реконструкциялоодо аларды (ирригациялык түтүктөрдү) алмаштыруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес, себеби ал үчүн биринчи кезекте жол кыртышын алуу керектелет», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Андан сырткары басма сөз кызмат бул жылы шаар бийлиги Айтматов жана Манас проспектилерин, анын ичинде Чүй проспектисинин кесилишин оңдоп-түзөө пландалып жатканын билдиришти. Оңдоп-түзөө иштери учурунда ирригациялык түтүктөр реконструкциядан өтүп, «суу тамчылап жаткан жер алдынан өтмөктүн кесепети» жоюлат.

Болжолдуу бул июнь же июль айларында ишке ашат.