Чүйдө ала качууга дуушар болгон кыз бычакталып каза тапты

Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө эркек киши никеге туруу үчүн ала качууга аракет кылган кызды бычактап салган.

Чүй ИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 2-майга караган түнү жүз берген.

Никеге туруу үчүн кыз ала качылганы жөнүндө маалыматтан кийин милиционерлер 29 жана 30 жаштагы эки адамды, андан сырткары, 20 жашар кызды Сосновка айыланын кармашкан.

Милиционерлер кармалагандар боюнча документтерди тариздеп жатканда, кыз жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө болгон.

«Бир аз убакыттан кийин (кызды ала качып бара жаткан киши) бөлмөгө кирип, ичинен бекитип алып, бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угула баштаган. Милиция кызматкерлери эшикти талкалап кирип, кыз канга боёлгон абалда табылган», — деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

Милициянын маалыматына ылайык, «кызды ала качууга аракет кылган адам» ызы-чуу чыгарып, өзүн жана кызды бычактап салган.

Кыз алган жараттарынан улам жандандырыуу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон. Ал эми 29 жаштагы адамга операция жасалып, учурда ал ооруканада жатат. Кармалгандардын экинчиси (30 жаштагы адам) Жайыл районунун ИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, милиция кызматтык иликтөө баштады.

Жайыл районунун прокуратурасы өз милдеттерине шалаакылык мамиле кылышканы үчүн ИИБдин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду.

«Турмуш» басылмасынын маалыматы боюнча, каза тапкан кыз башка жигитке турмушка чыкмак.

«Башка булактан алынган маалыматка караганда, каза болгон кыз башка жигитке турмушка чыкмак. Тойдун күнү белгиленип, калың берилип, бардыгы чечилип калган. Кыз аны өлтүргөн адам ала качып кетпесин деп жакын туугандарынын үйүндө бекинип жүргөн», — деп жазат басылма.