Тогуз миң сомдук көчөттөр боюнча УКМК кылмыш ишин козгоду

9090 сомдук көчөт. Сүрөт: Максат Элебесов/«Спутник».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Бишкек жашыл чарба» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери ири көлөмдүү көчөттөрдү 9090 сомдон сатып алганына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын кызматкерлери Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүшкөн.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, мэрия 2017-жылы ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алууга 60 млн сом каралган бюджетти бекиткен. Жыл бою «Жашыл чарба» ишканасы көчөттөрдү сатып алууга үч компания менен келишимдерди түзгөн.

«Арт Грин» компаниясы жалпы суммасы 18,6 млн сомго 9 090 сомдук көчөттөр менен камсыздашы керек болчу. Мэрия ошондой эле, суммасы 8,9 млн сомго "АГТ Азия" компаниясы менен да келишим түзгөн, ал эми "Зиар Строй" фирмасынан 14,8 млн сомго бак-дарактар сатылып алынган. Бирок УКМК бул эки компаниянын көчөттөрү канчага турганын тактаган жок.

«Учурда кылмыш ишинин алкагында тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча аудит жүргүзүлүүдө», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

УКМК «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Коммерциялык уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тогуз миң сомдон алынган көчөттөр

Шаар бийлиги 2017-жылы Бишкекте маасалык түрдө кыйылган 3000 бак-дарактын ордун тургузуу үчүн ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алган. Мэриянын маалыматы боюнча, көчөттөр Европадан алынып келинген жана ар бир көчөт үчүн төрт миң сомдон тогуз миң сомго чейин төлөнгөн.

Ири көлөмдүү көчөттөр — бул бийиктиги үч метрден он беш метрге чейин жете чоңойгон бактар. Мындай бактар дайыма жер кыртышы менен кошо тигилет. Бул көчөттү бир жерден башка жерге көчүрүп отургузууда чоң өсүмдүктүн тамыры көбүрөөк болушу керектиги менен байланыштуу. Ал эми негизги тамыр массасын жер кыртышы менен кошо казып сактап калуу мүмкүн.

Бишкек мэриясы кыргыз көчөтканаларында «ири көлөмдүү көчөттөр» жана «жерге жакшы тигилчү матералдар» жоктугунан улам көчөттөр Европадан буйрутма менен алынып келингенин ырастаган. «Жашыл чарбанын» директору Алымжан Усубакунов ишкана ири көлөмдүү көчөттөрдү базар баасынан арзан сатып алганын айткан.

Май айынын ортосунда «Спутник» басылмасынын журналисттери 9 090 сомдон сатылып алынган көчөттөр куурап калганы көрсөтүлгөн сюжет чыгарышкан. «Бишкек жашыл чарбанын» басма сөз катчысы Болот Абдыжапаров камсыздоочу компания өсүп кете албай өлүп калган көчөттөрдү өз эсебине алмаштырып берээрин «Клооптун» кабарчысына билдирди.


ТЕМА БОЮНЧА: