Сапар Исаковго коррупция боюнча айып тагылды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуудагы коррупция фактысынын негизинде ачылган кылмыш иши боюнча айып такты. Исаков эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берген.

Исаковго карата айып тагылганы жөнүндө 29-май күнү кечинде белгилүү болду — УКМК бул тууралуу ЖМК үчүн пресс-релизинде билдирген.

Анда негизинен 2013-жылы Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган кезде, Бишкек ЖЭБди жаңыртуу үчүн жалданмачыны тандоодо, «чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн» деп айтылат.

Андан сырткары, УКМКнын маалыматында Исаков бул нерсени «адамдардын тобу менен» кылганы айтылат, бирок бул топко кимдер киргени айтылган эмес.

Атайын кызмат Исаковдун аракеттери мамлекетке «өзгөчө ири өлчөмдө» зыян келтирген деп эсептейт.

Исаков өзү козголгон кылмыш ишин «таптакыр чектен чыгуу» деп атады.

«Мага айып тагуу боюнча токтомду чынын айтсам толугу менен окуп чыга элекмин. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кылмышкер катары көрсөткүсү келип жатышат. Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен нес болуп турам», — деген ал.

Шектүүгө айланган мурдагы өкмөт башчы

Исаков 2017-жылдын августунан тарта 2018-жылдын апрелине чейин премьер-министрлик кызматты ээлеген — бул жогорку кызматка ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда келген.

Исаков өкмөт башчылык кызматта турганда Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аягына чыгып, өткөн жылдын октябрь айында Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылыгына шайланган.

Жаңырган жылдын январында Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү күчөтөөрү тууралуу билдирип, ошол эле айдан тарта анын мурдагы президент Атамбаев жана анын өкмөттөгү адамдары, анын ичинде Исаков менен пикир келишпестиктери пайда боло баштаган.

Исаковдун айланасындагы кырдаал январь айындагы Бишкек ЖЭБинде болгон авариядан кийин ырбап кеткен. Анткени Жылуулук борборунда Кытайдын 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыясына оңдолгонуна карабастан кыштын суук күндөрү авария болуп, бишкектиктер бир жумага жакын жылуулуксуз калышкан.

Апрелде парламент Исаковдун өкмөтүн ишеним көрсөтпөө вотуму аркылуу отставкага кетирген — бул Кыргызстандын тарыхындагы өкмөттү мындай жол менен кетирген алгачкы учур.

Сурак

Андан бери УКМК Исаковду ЖЭБ иши боюнча үч жолу суракка чакырган, бирок бүгүнкү күнгө чейин күбө катары чакырып келген.

Исаков өзүн «таза» экенин билдирген. УКМКга биринчи жолу суракка чакырылгандан кийин аны кармоого бийликте эч кандай негиз жок экенин айткан.

Депутаттык комиссия 2018-жылы майда ЖЭБди жаңыртуу үчүн жабдуулардын баасы кымбаттатылган, ал эми кытай тарап коротулган 386 млн доллар жөнүндө деталдуу отчет берген эмес деген тыянак чыгарган. Документте келишимге кол коюуда Кыргызстандын кызыкчылыктары эске алынган эмес деп айтылат.

Депутаттар Башкы прокуратура келишимге кол коюуга катышкан адамдарга укуктук баа берүүнү, андан сырткары насыянын сарамжалдуу пайдаланылышын изилдөөнү токтом кылган.


ТЕМА БОЮНЧА: