Казакстандын «КазМинералзБозымчак» кен иштетүүчү компаниясы 10 тоннага жакын алтын эритмесин «жез металлы» деп көрсөтүп, Кыргызстандан сыртка ташып кеткендиги аныкталды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча (Финансы полициясы) мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Клоопко» маалымдады.

«Салык кодексине ылайык, кен куурунан алтын казып, баалуу металлдын эритмесин жана кошулмасын өндүргөн компания салык төлөөгө милдеттүү. Бирок “КазМинералзБозымчак” ишканасы салык төлөөдөн качып, 9 тонна 760 кг 24 грамм алтын эритмесин өлкөдөн алып чыгып кеткен жана 2014-жылдан 2016-жылга чейин 55 млн сом кошумча салыкты төлөгөн эмес», — деди Пискур.

Басма сөз катчынын айтымында, аталган мыйзам бузуу фактысын Эсеп палатасындагы текшерүүнүн актысы да далилдейт.

«Компания өлкөдөн чыгарылган заттын басымдуу бөлүгүн жез металлы түзөөрүн көрсөтүп келген. Ал эми алтынды жөн гана “коштоп жүрүүчү” металл деп көрсөтүшкөн», — деп кошумчалады Пискур.

«КазМинералзБозымчак» компаниясынын башчысы Иляз Тулекеев 26-майда Кыргызстандан чыгып баратканда Бишкектеги «Манас» өткөрмө бекетинен кармалып, ага «коммерциялык уюмдардын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылган.

Биринчи май райондук соту шектелүүчүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, ал үй камагына чыгарылган.

Учурда мамлекетке келтирилген зыян, 55 млн 694 миң 283 сом каражат, депозиттик эсепке которулганын Финансы полициясы маалымдады. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Алгач «Казахмыс Голд» аталышындагы компания Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 2007-жылы баштаган. Ишкана 2014-жылы Ала-Бука районундагы «Бозумчак» алтын кенин иштете баштап, бир жылдан соң аталышын «КазМинералзБозымчак» деп өзгөрткөн.

Кыргызстандын бийлиги 2017-жылы күзүндө «КазМинералзБозымчак» компаниясынын кен иштетүү лицензиясын токтоткон. Өндүрүш жана экологиялык коопсуздукту бузуу үчүн айыпталып, ишканага 669 миң сом штраф салынган. Аны төлөгөн компания кайра ишин уланткан.

Компания Кыргызстандын казынасына жылына 310 млн сом салык төгөт. Ишканадагы миңдей жумушчунун 90 пайызын кыргызстандыктар түзөт.