«Клооп Медиа» Ош шаарындагы жайкы журналистика мектебине кабыл алууну баштады

«Клооп Медианын» онлайн журналистика мектеби — практика аркылуу билим алууга шарт түзгөн кайталангыс курстар.

Эмне үчүн «Клооптун» журналистика мектебин тандоо керек?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүң. Анда текст жазуудан тышкары фотосүрөт тартууну жана видео репортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа мыйзамдар тууралуу маалымат ала аласың. Ошондой эле журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча да сабактарды окуйсуң.

Жаңылыктарды жазуу менен эле чектелип калбай өлкөдөгү маанилүү окуяларды жеринен чагылдыра аласың — ал үчүн биз керектүү ресурстар менен камсыздайбыз.

Сага мобилдик телефондон видео тартып, дүйнөгө түз эфирде чыгууну жана видео менен иштөөнү үйрөтөбүз.

Биздин гана мектепте сен окуу башталаары менен биринчи жумадан тарта респонденттен интервью алып, жаңылыктарды ири аудитория үчүн жаза аласың. Kloop.kg сайтындагы материалдардын авторлору — биздин мектептин студенттери.

«Клооптун» кышкы журналистика мектебинин студенттери Ош шаарын көрктөндүрүүгө жарым кылым өмүрүн арнаган Тажи апа менен маектешип жатат. Материалды толугу менен бул жерден окуганга болот.

Биздин студенттер даярдаган башка материалдар:

Короз таптап киреше тапкандардын турмушу менен биздин мектептин бүтүрүүчүсү Арафат Абибиллаева таанышып келген. Толугу менен окуу

«Клооптун» студенти Майрамбек Тайлайбек уулунун Ош шаарындагы православ чиркөөсү жөнүндө сүрөт баяны.
Толугу менен көрүү

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы жайкы журналистика мектеби 25-июнда башталып 15-сентябрда аяктайт. Ага Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын журналистикага кызыккан жашоочулары билдирме жөнөтө алышат жана жаш курагы боюнча чектөө жок.

Бирок эгерде жашың 18ге толо элек болсо, анда ата-энеңдин же асыроого алган кишинин уруксат кагазын толтуруп, school@kloop.kg электрондук почтасына жибер (форманы бул жерден жүктөп алууга болот).

«Клооп Медиа» аймактан келген катышуучуларды төмөнкүлөр менен камсыз кылат:

• жол кире;

• жатакана;

• стипендия.

Билдирменин негизинде 12 катышуучу журналистика мектебине тандалып алынат. Баарыңарга ийгилик каалайбыз!

Ош шаарындагы бюро жана журналистика мектеби Сорос Кыргызстан фондунун колдоосу менен иш алып барат.

«Клооптун» Ош шаарындагы кызматкери Элвира Акимова студенттер менен.

Байланышуу үчүн:

+996 559 300 336 (WhatsApp);

+996 772 300 336

Электрондук дарек: school@kloop.kg

Дарегибиз: Алиев көчөсү, 161А, Ош шаары, Кыргыз Республикасы

Жайкы журналистика мектебине катышуу үчүн төмөнкү онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүү керек. Билдирмелер 17-июнь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.