Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев

Парламенттин депутаттары Кыргызстандын экс-президенттерине каршы кылмыш иштерин козгоонун механизмдери боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Алар документте экс-президенттердин кол тийбестигинин деңгээлин азайтууну да сунушташууда.

Эмне болду?

Депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев 30-майда экс-президенттерди кантип кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектиги жөнүндө жазышкан мыйзам долбоорун коомдук угууга чыгарышты.

Экс-президенттерди иммунитеттен ажыратуу жөнүндө кептер парламент Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияны жана станцияны жаңыртууга кеткен чыгымдын баасы боюнча депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыктарын талкуулай баштаган кезде башталган.

Анда Масалиев биринчи болуп экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну сунуштап чыккан. Депутаттын айтымында, Атамбаев ЖЭБди жаңыртууда «премьер-министрди аттап өтүп, министрлерге көрсөтмөлөрдү берген».

Парламенттин депутаты Курманкул Зулушев

«Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен, ошондой эле иштеп жаткан депутатты да тартса болот экен. Ал эми экс-президентти эч ким, эч качан эч нерсеге тарта албайт экен. Кыргызстанда бир адам эч качан эч нерсеге жооп бербейт деген Конституцияга да туура келбейт», — деген Масалиев.

Мсалиевдин айткандарынан кийин парламент экс-президенттерди иммунитеттен ажыратуу механизмин иштеп чыгуу үчүн добуш берген.

Масалиев менен Зулушев эмнелерди сунуштап жатышат?

Азыр экс-президенттерди алар президент болуп турган кезде жасап же жасабаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт. Экс президенттерди камакка алууга, тинтүүгө же суракка алууга болбойт — бул 2003-жылы эле кабыл алынган «Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамда көрсөтүлгөн.

Масалиев менен Зулушев бул мыйзам 2010-жылдагы Конституцияга карама-каршы келет деп эсептешет.

«Жаңы Конституцияда Президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Мамлекет башчысынын кол тийгистигинин деңгээли төмөндөтүлгөн жана Конституцияда анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө норма жок», — деп айтылат депутаттардын маалымкат-негиздемесинде.

Мыйзам долбоорунун авторлору экс-президентти толугу менен кол тийбестиктен ажыратуунун деле кереги жок деп эсептешет — анткени экс-президент «мамлекеттик сырлардын жана өзгөчө маанилүү маалыматтардын алып жүрүүчүсү болуп саналат».

Алардын пикири боюнча, экс-президентти ал мамлекет башчылык кызматта отурганда кабыл алынган чечимдердин айынан укук ченемдеринен тышкаркы куугунтукка кабылып калышы мүмкүндүгү үчүн коопсуздандыруу максатта мындай иммунитет керек.

«Ушуга байланыштуу экс-президентке Жогорку Кеңештин депутатынын кол тийбестигине ылайык келген кол тийбестикти жайылтуу сунуш кылынат», — деп жазышкан депутаттар маалымкат-негиздемеде.

Масалиев менен Зулушев өз мыйзам долбоорунда президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесин да кыскартышкан: ага жакын гана бир туугандар кирет — аялы же күйөөсү, андан сырткары, президенттин жашы жете элек балдары.

Өзгөртүүлөрдө мурдагы жана учурдагы президенттердин туугандарын акысыз медициналык камсыздандыруу укугунан ажыратылып, акысыз дарылануу укугу учурдагы жана мурдагы президенттерге гана калтырылган.

Эгерде экс-президент кылмыш беренеси боюнча соттолуп калса, анда ал бул артыкчылыктан жана мамлекеттин эсебинен өмүр бою берилчү күзөттөн ажыратылат.

Депутаттар ошондой эле, экс-президенттин үй-бүлөсүн кызматтык автоунаа колдонуу укугунан ажыратуууну да сунуштап атат. 2003-жылдагы мыйзам боюнча, эгерде экс-президен дүйнөдөн кайтса мамлекет аларга мындай транспорт бөлүп бериши мүмкүн.

Экс-президентти ким жоопкерчиликке тартат?

Эгерде мыйзам долбоору күчүнө кирсе, анда экс-президентти жоопкерчиликке тартуу үчүн башкы прокуратура менен парламент жооптуу болуп калат.

Кыргызстанда 2019-жылы башкы прокурорго экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууну демилгелегенге мүмкүндүк берген жаңы Кылмыш-процессуалдык кодекси күчүнө кирет.

Башкы прокурор мындай чечим кабыл алаары менен парламент экс-президентти жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү керек же керек эмесин чечиши керек болуп калат. Бул айыптоонун чоо-жайын талдап, экс-президенттин өзүнүн аргументтерин изилдеген атайын комиссиянын түзүлүшүн талап кылып калат.

Экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине парламенттин депутаттарынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана тарта алышат.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча, азыр парламент жана башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигине экс-президентти эмес, учурдагы президентти гана тарта алат.

Ошентсе да Атамбаевди жоопкерчиликке тартса болобу?

Юрист Нурбек Токтакунов Масалиев менен Зулушевдин мыйзам долбоору Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга жардам бербейт деп эсептейт, себеби «мыйзамдын артка иштөө күчү жок».

Бул деген Атамбаевди ал мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тарта алышпасын билдирет. Эгерде Атамбаевди жаңы өзгөртүүлөр боюнча бары бир эле соттошсо, анда депутаттар мыйзамдын артка иштебейт деген жобосун бузушат.

Токтакуновдун айтымында, ошого карабастан, депутаттарда Атамбаевди «мыйзамдын артка иштебестиги» боюнча принцибин бузбай туруп жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Бул үчүн юрист президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө мыйзамдагы аныктаманы өзгөртүүнү сунуштоодо — ал экс-президенттин өз башкаруусу учурунда жасаган аракеттерине гана жайылышы үчүн иммунитет толугу менен болбошу керек деди.

«ЖЭБ боюнча жана башка кылмыштардын кыймылдап турган табияты бар. Анткени ал (Атамбаев) азыр деле бул кылмыштарды жашырган аракеттерди кыла бериши мүмкүн: мүлктү бөлүштүрүү жана транзакцияларды жүргүзүү. Эгерде [депутаттар] Атамбаевди кылмышкер деп эсептешсе, анда бул кесипкөй укук коргоо органдары үчүн бүгүн жасалып жаткан [кылмыштын] бетин ачып, [Атамбаевди] жоопкерчиликке тартуу кеп деле болбой калат», — дейт Токтакунов.

Контекст:

Акыркы бир нече айдан бери парламент Бишкек ЖЭБде авариянын чоо-жайын изилдеп, анын жаңыртылышы кандай өткөндүгүн териштирип жатат (станция Кытайдын 386 млн доллар насыясына жаңыртылган).

Бул абалга күнөөлүүлөр катары парламенттин депутаттары мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди кошуп, Бишкек ЖЭБ боюнча чечим кабыл алган бир нече аткаминерлерди аташкан.

Буга байланыштуу бардык териштирүүлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун командаларынын ортосундагы көмүскө тирештин шартында болуп жатат.

Соңкү үч айда Атамбаевдин дээрлдик бардык үзөңгүлөштөрү бийликтеги негизги кызмат ордуларынан кол жууп, кызматтарынан алынып же кылмыш иштеринин фигуранттарына айланышкан.

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев

ТЕМА БОЮНЧА: