Оштун тургуну Сайхиросаки өзүнүн 18 жаш курагында Кунай аттуу комикске сүрөт тартууга жетишкен. Бул Кыргызстандагы алгачкылардан болуп басылып чыгарылган комикстердин бири. Жапон анимелеринен шыктанып, колуна калем кармаган сүрөтчү келечекте өнөрүнүн арты менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытууну самайт.

Жаш сүрөтчү Сайхиросакинин өз ысымы Сүйүн Байзаков. Ал кантип комикс тартып калганы жана кандайча каймана атка ээ болгону жөнүндө «Клооптун» кабарчысы Асан Кубанычбек уулуна айтып берди.

Мен Ош шаарынын Дача кыштагында туулуп өскөм. Атам калаадагы мектептердин биринде чет тилден сабак берет, апам кесиби боюнча дарыгер. Төрт бир тууганбыз — эки эжем, бир карындашым бар.

Сүрөт тартууга 5-класста окуп жүргөндө кызыга баштадым. Ошол кезде сыналгыдан жапон анимелерин коюп калышат эле. Алардын ичинен «Сен менен Чихиронун кайып болушу» (Sen and Chihiro's Spiriting Away) толук метраждуу аниме өзгөчө жагып калды. Анан бул анимени күтүп көрчү болдум, кийинчерээк интернеттен изилдеп анын жаратуучулары тууралуу маалымат топтой баштадым.

Анын режиссёру Хаяо Миядзаки экен. Бул кишинин өмүр баянын кызыгуу менен окуп чыктым. Башка дагы фильмдерин көрүп шыктанып отуруп, манга сүрөтчүсү болом деп чечтим. Манганы изилдегенге үч ай кетти.

Жапон комикси манга деп аталат. Анда окуялар сүрөттөр менен баяндалып, тексти аз болот. Комиксте баатырлардын окуясы баяндалып өспүрүмдөргө ылайыкталса, манга кеңири аудитория үчүн басылып чыгарылат. Сюжеттер алты жаштан алтымыш жашка чейинки курактагы окурмандарга ылайыкталып жасалат. Манга китеп сыяктуу эле болот жана дагы бир өзгөчөлүгү — ал оңдон солго карай окулат.

«Дагы эле мультфильм тартып жүрөсүңбү?»

Аниме сүрөт тартканды көбүнчө интернеттен көрүп үйрөнүүгө туура келди. Анткени кошумча курстарга барууга убакыт да, шарт да болбоду. Интернеттен көргөнүмдүн баарын практикада жасап көрөт элем.

Досторум, тааныштарым «сен сүрөттү жакшы тартасың» деген сөздөрдү айтышчу. Бул мага дагы да аракет кылууга дем берди. Менден да жакшы тарткан классташтарым бар эле, окуп жүргөндө алар мага да үйрөтүшүп жол көрсөтүшкөн.

«Дагы эле мультфильм тартып жүрөсүңбү?» деп айткан адамдар да болду. Сүрөттү таштап башка окууга көңүл бурушумду айтышаар эле. Мультфильмдеги каармандарды тартып жүргөнүм үчүн ата-энем, бир туугандарыма бул жакпай баштады. Ошондуктан эмгектеримди эң жакын досторума гана көрсөтчүмүн.

Ата-энем 8-класска чейин чыгармачылыгымды жакшы эле кабыл алышты. Кичинемде баары «жакшы экен, тарта бер» дечү. Убакыттын өтүшү менен бардыгынын ачуусуна тийе баштадымбы, айтор үйдө аниме сүрөттүн айынан далай ирет тил уктум. «Кагаздарыңды өрттөйбүз» дегенге да жеткен. «Спортзалга бар, музыкалык билим ал» дешти, бирок башка нерселер мени өзүнө тарта албады.

Азыр кудайга шүгүр ата-энем менин сүрөт тартканыма каршы эмес. Тескерисинче көмөк көрсөтө башташты.

«Манга тартуу үчүн окуумду да таштадым»

2014-жылы 9-классты бүткөндөн кийин Ош технологиялык университетинин колледжине программист адистигине тапшырдым. 10-11-класстын программасын өздөштүрүп бүткөндөн кийин адистигим боюнча сабактар өтүлө баштады. Бул жерде мага керектүү нерселерди таба албай, аргасыздан окуп жүрдүм.

Ошол учурда сүрөттөн башка эч нерсеге көңүлүм жок болчу. Досторум суранганда сүрөт тартып берип, кичине болсо да пайдам тийип жатат деп сүйүнүп жүрдүм. Манга боюнча сценарийди жалгыз жазганга көзүм жетпеди. Ал канчалык кызыктуу болот деп ойлондум, анын журнал катары басылып чыгышына да күмөнүм бар болчу.

Баскан-турганыма кичине тыйын табайын деп шаардагы кафелердин биринде официант болуп иштедим. Анан ошол жактан бирөөлөр Оштогу «Мерлин» кинотеатры манга тартуу үчүн сүрөтчү издеп жүрөт деп айтып калышты.

Мен манга тартууга кызыкканымды айтсам, номурумду жазып алышкан болчу. Көп өтпөй эле кинотеатрдын менеджери чалып, «Мерлинге» келүүмдү өтүндү. Иштен суранып барсам, колума даяр сценарийдин бир сериясын карматышты. Окуп чыгып дароо эле бул жөнүндө тартыш керек деп айттым. Анан мурунку ишимден да чыгып, окууну да таштап, 2017-жылы манга тартууга кириштим.

Башында аябай эле оор болду. Анткени сценарийди башка адам жазат. Анын ою башка, менин оюм башка болуп, бир ай бири-бирибизди түшүнө албай кыйналдык. Экинчи айда жакшы түшүнүшүп, сюжетти кеңири эле чагылдыра баштадым.

Кунай мангасы менин алгачкы чоң долбоорум. Мен буга чейин бир каарманды мынчалык көп тарта элек болчум. Негизи бир бетти беш саатта тартышат экен. Мага бул аябай кызык болгондуктан мен күнүнө үч беттен тартып жаттым.

Сценарист каармандардын мүнөзүн, сырткы келбетин жазып берет. Анан мен жашоомдогу досторума же болбосо башка белгилүү мангалардын каармандарына окшоштуруп тарта баштайм. Кээде мен өзүм деле оюман чыгарып кийимин, чачынын көрүнүшүн тарта берем.

Кунай мангасынын биринчи эле сериясы 2000 нуска менен басылып чыкты жана азырынча 500дөй комикс сатылды. Буйурса 50 серияга чейин тартабыз деп пландап жатабыз. Беш-алты бөлүгү чыккандан кийин бир көлөмдүү китеп кылып, аны коңшу өлкөлөргө жайылталы деген планыбыз бар.

Кунай — бул комикстеги башкы каармандын аты. Ошто туулуп-өскөн жигит өзгөчө күчкө жана улуу миссияга ээ болот. Жер планетасынын тынчтыгы үчүн ал кара күчкө ээ болгон терс каармандар менен күрөшүп, дүйнөдөгү аны менен тилектеш, өзү сыяктуу мутанттардын башын бириктире баштайт.

Кунай өспүрүмдөргө ылайыкталып саякат жана экшн жанрында жасалды. Эми келечекте башка дагы жанрларды кошуп, жаңы манганын үстүнөн иштейли деген планыбыз бар.

«Сайхиросаки — өзүм койгон каймана ысым»

Менин каймана атым Сайхиросаки. Досторумдун баары мени ошентип чакырышат. «Сай» — бул Наруто деген анимедеги каарман, ал аябай акылдуу жана сүрөттү жакшы тартат. Ал эми «Хиро» — бул баатыр дегенди билдирет. Ошондон улам өзүмө Сайхиросаки деген каймана ат ыйгаргам.

Жапонияда мындай салт бар: сүрөтчү чыгармачылыгын өстүрүп жаңы денгээлге чыкса, өз ысымын жаңылап турат. Мен да атымды дагы өзгөртсөм керек деп ойлойм.

Келечекте манга аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам дейм. Мектеп окуучуларына арналган мангаларды көбүрөөк чыгаргым келет. Тажрыйбалуу мангакалар же мангачылар ушуну менен эле акча таап, муну өмүрлүк кесип катары кабыл алышат. Мен деле ушул тармакта иш кылып, мангага өмүрүмдү арнагым келет.

Сүрөттөрдүн автору: Асан Кубанычбек уулу