Баткен: тажик чек арачылары менен тургундардын ортосунда чыр чыкты

Баткендин Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен тажикстандык аскерлердин ортосунда такталбаган аймакта тиреш чыгып, чыр чатак кыргыз чек арачылары тарабынан жайгарылды. Окуяда адам өмүрүнө зыян келген жок.

Тажик чек арачылары Максат айылындагы такталбаган «Футбол талаа» тилкесинде соода уюштурган кыргызстандыктарды кууп чыгарууга аракет кылгандан кийин чыр чыгып кеткен. Окуя 4-июнь күнү саат 17:00 чамасында болгонун Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Клоопко» кабарлады.

«Лейлек районунун Максат айылында жайгашкан “Футбол талаа” тилкесинде кыргыз соодагерлери жайма базар кылып соода жүргүзүп келишкен. 4-июнь күнү кечке жакын тажик чек арачылары бастырып келип, соодагерлерди кууп чыгууга аракет жасаганда чыр чыккан», — деп билдирди Бөрүбаева.

Бөрүбаева маалымдагандай, кыргыз чек арачылары окуя болгон жерге 10 мүнөттүн ичинде барып, чырды токтотуп калган.

«Кыргыз аскерлери тажик чек арачыларга такталбаган аймакта болгонун айтып, кетүүсүн талап кылышкан. Бирок, Тажикстандын аскерлери талапты аткаруудан баш тартып асманга эскертүү огун чыгарышканда, кыргыз чек арачылары тарабынан кармалышты», — деп кошумчалады Чек ара кызматынын басма сөз катчысы.

Андан соң эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушуп, келишимге ылайык кармалган тажик аскерлери өз өлкөсүнө өткөрүлүп берилген. Аталган окуяда адам өмүрүнө зыян тийген эмес.

Тажикстандын Чек ара кызматы тараткан билдирүүгө караганда, жаңжалдын чыгышына кыргыз жарандарынын жана Кыргызстандын аскерлеринин «жөнсүз аракеттери» түрткү болгон.

«Тасмада көрүнгөндөй, 2018-жылдын 4-июнунда болгон чыр Кыргызстан тарабынан алдын ала уюшулганы байкалып турат. Асманга атылган окту да кыргыз чек арачылары биринчи аткан», — деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы араздашуулар такталбаган жерлердин санынын көптүгүнөн мезгил-мезгили менен кайталанып келет.

Бул талаш-тартыштар Союз тарагандан бери уланып келе жатат. Өлкөлөр дагы деле кайсы карталар боюнча чек араны аныктоо керек экенин макулдаша албай жатышат.

Саат 17:30да жаңыртылды


ТЕМА БОЮНЧА: