Бажы кызматынын төрага орун басары кармалды

Замирбек Ниязалиев/Knews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевди кармады. Ал ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу жана Кытайдан келген товарларды мыйзамсыз тариздөө боюнча айыпталууда.

Бишкектин Биринчи май районук соту Ниязаливди тергөө аяктаганча камакка алды — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (ЭКККМК) маалыматы боюнча, мамлекетке бажы төлөмдөрү төгүлбөгөндүгүнөн улам ал өз аракеттери менен 166 млн сом зыян тийгизген.

Мурдараак бул иш боюнча Борбордук бажы кызматынын мурдагы начальниги Нурбек Айбашев кармалып, анын үйү тинтүүгө алынган.

ЭКККМКнын маалыматына ылайык, Айбашев менен Ниязалиев «А» кыргыз компаниясынын өкүлү менен биргеликте Кытайдан келген булгаары товарларды мыйзамсыз тариздешкен.

Бул компания 2015-жылы Үрүмчүнүн «U.Q.I.T. Co Ltd» фирмасы менен булгаары товарларын өндүрүү үчүн Кыргызстандын булгаарыларын Кытайдын аймагында кайра иштетүү боюнча келишим түзгөн.

Бирок ЭКККМК «U.Q.I.T. Co Ltd» өндүрүштө Кыргызстандын булгаарысын колдонбогонун, бирок булгаары товарларын кыргыз өндүрүшү катары көрсөтүп, бажы төлөмүн төмөндөтүлгөн баа боюнча төлөп келгенин аныктаган.

Ошону менен Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 166 млн сом түшпөй калган.

Замирбек Ниязалиев бажы кызматында 1997-жылдан бери иштеп келген. Аны 2017-жылы июнда бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындашкан. Буга чейин ал 2014-жылдан тарта бажы төлөмдөр башкармалыгынын начальниги болгон.

Авторлошу: Айдай Эркебаева