Догоев президент Жээнбековдун коомдук кеңешчиси болуп дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы башчысы Дастан Догоевди өзүнүн коомдук башталыштагы кеңешчиси кылып дайындады.

Догоев 5-июнда президенттин кеңешчиси болуп калды. Бул дайындоого чейин ал МККнын төрагасы болуп иштеп жүрүп, үстүбүздөгү жылдын февралында кызматынан кеткен.

Догоевдин учурунда МКК биометрикалык паспортторду бере баштап, шайлоодо электрондук добуш берүү системасы киргизилген.

МКК 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодон кийин «Клооптун» мамлекеттик эмес «Самара» жеке сайты жөнүндө иликтөөсүнүн айынан ызы-чууга кабылган. Аталган сайт өзүнө шайлоочулардын маалыматтарын камтып, өкмөттүк серверлерде жайгашып турган.

Бул сайт натыйжада шайлоодо жеңип чыккан талапкер Сооронбай Жээнбековдун президенттик кампаниясы менен болжолдуу байланыштуу болгон. Анткени Samara.kg сайты аркылуу өлкө жарандарынын паспортторунун маалыматтарын алууга мүмкүндүк түзүлгөн.

Догоев бул окуяда негизги аткаминер болгон — журналисттер келтирген далилдерге жана штаб кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө карабастан, ал «Самаранын» өкмөттүк серверлердин инфраструктуралырында болгонун жана анын Жээнбеков менен байланыштыгын четке каккан.

«Самарагейт» ошол кезде президент болуп турган Алмазбек Атамбаевдин көңүлүн бурган эле. Ал мамлекет башчы катары өткөргөн өзүнүн акыркы басма сөз жыйынында бул учурду УКМК иликтейт деп билдирген. Бирок ошол эле учурда ал атайын кызматтардын иликтөөсү журналисттердин өзүнө каршы бурулуп калышы ыктымал экенин кошумчалаган.

УКМК өзүнүн жеке иликтөөсүн улантып жатат, бирок анын жыйынтыктары жана иштин жүрүшү жөнүндө азырынча эч нерсе белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: