Жогорку сот оппозиционерлердин абак мөөнөтүн кыскартты

Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков — алар бийликти басып алууга даярдык көрүү боюнча йыпталып жатышат.

Кыргызстандын Жогорку соту Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Кадырбековдун абак мөөнөттөрүн кыскартты. Карыбековдун мөөнөтү 8 жылга, ал эми Асанов менен Кадыровдуку 4 жылга кыскартылды. Ошентсе да сот оппозиционерлерди «бийликти басып алууга даярдык көрүү» боюнча күнөөлүү деп тапты.

Сот отуруму 7-июнда өттү. Эрнест Карыбеков 20 жылдын ордуна 12 жыл абак мөөнөтүн алды, ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун мөөнөттөрү 12 жылдан 8 жылга чейин кыскартылды.

Мурдараак Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту оппозиционерлерди «бийликти басып алууга даярдык көрүү» боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Бул иш боюнча төртүнчү фигурант Дастан Сарыгулов төрт жылга кесилген, анын үч жылы — шарттуу мөөнөт.

Соттолгон саясатчылар 2018-жылдын январынын аягында үч күнгө созулган ачкачылык акциясын жарыялашкан. Алар ошол кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы болуп турган Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылышкан — оппозиционерлер ал сот чечимине таасир эткен деп эсептешкен. Соттолгон саясатчылардын тарапкерлери менен бир туугандары бийликтин оппозицонерлерге каршы «куугунтугун» токтотууну талап кылышкан.

«Бийликти басып алуу» жөнүндө иш

Атайын кызмат 2016-жылы бир нече адам массалык башаламандыктарды үюштуруу туурасында сүйлөшүп жатышкан телефон аркылуу сүйлөшүүнүн үн жазмасын ачыкка чыгарышкан.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ырасташкандай, жазмада парламенттин IV чакырылышынын экс-депутаты Кубанычбек Кадыров, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы жардамчысы Дуулатбек Тургуналиев жана Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов маектешишкен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлкекеттик комитет Асановго, Кадыровго, эксперт Эрнест Карыбековго жана мамлекеттик «Кыргызалтын» ишканасынын мурдагы директору Дастан Сарыгуловго карата кылмыш ишин козгогон.

Айыпталуучулар өз дарегине коюлуп жаткан бардык айыптоолорду четке кагып, үн жазманы монтаж деп аташкан.

Оппозиционерлердин туугандары менен тарапкерлери бир нече жолу митингге чыгып, камалгандарды бошотууну талап кылган. Андан тышкары, алар атайын кызматтарды кармалган саясатчыларга кыйноо колдонгон деп айыпташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: