БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы бөлүмү режиссёр Азим Азимовдун кыздарды ала качуу жөнүндө чакан тасмасын жарыялады. «Клооптун» редакциясы аны кунт коюп көрүп чыгып, бул тасманы сиз да көрүшүңүз керек деп сунуштайт.

Тасма атасы Орусияда иштеп жүргөн кезде айылда апасы менен жашап жаткан Ажар аттуу кыздын окуясын баяндайт.

Ажар апасына үй иштеринде жардам берүүгө аракет кылганы менен бирок өзүнүн жеке кызыкчылыктары менен түйшүктөрү бар. Анын жакынкы кыялы — бул кароо сынактан жеңишке жетип, өз мектебине пианино алып берүү.

Үй-бүлө орто жашагандыктан, Ажардын апасы маал-маалы менен карызга батат. Баатыр аттуу кошунасы үч айдан бери алардан карызын төлөттүрө албай Ажар менен уруша кетет.

Күндөрдүн биринде Ажарды окуудан чыккандан кийин белгисиз балдар ала качып кетишет. Бул жөнүндө апасы угуп, эмне кылышты билбей Баатырдан жардам сураганы чуркайт. Баатыр бир заматта Ажар менен урушуп кеткени үчүн өзүн күнөөлүү сезип, абал оор болуп турганын түшүнүп, кыздын апасына жардам берүүнү чечет.

Баатыр менен кошо Ажардын апасы биринчи кезекте милицияга барат, бирок милиция бөлүмүндө эч ким жок болот. Ошол учурда алар кызды өз күчү менен куткарууга белсенишет. Алар Ажарды ала качып кеткендерге барып, моралдык басымдарды араңдан-зорго басып өтүп, кызды үйдөн алып кетишет.

Ала качкандардын туугандарынын тоскоолдуктарына карабастан, бардыгы ийгиликтүү болуп, милиция да өз маалында келип, бардыгы Ажарды алып үйлөрүнө жол тартышат.

Тасмада өзгөчө эмнелерге көңүл буруу керек?

Тасма кыздарды никеге туруу үчүн ала качуу көйгөйүнө жана аны эмнелер күтүп турганына чоң көңүл бурат.

Мисалы, кыздын апасы менен Баатыр Ажарды куткарууга келишкен эпизоддо молдону кезиктиришет. Молдо алардын жанынан өтүп жатып, жашы жете элек кызга нике кыйбасын айтат.

Жашы жете электерге нике кыюуга тыюу — Кыргызстанда бир нече жыл катары менен коомдук талкууга жем таштап, акыры мыйзам кабыл алынган.

Ошондой эле, тасма каада-салттар менен моралдык басым маселесин көтөрөт. Бул нерсени эшиктин босогосуна жатып алган улгайган кемпир тартылган эпизод так көрсөтүп турат. Анткени улгайган адамдын үстүнөн аттоого болбойт, эгерде аттап кетсең «бактылуу болбой каласың» деген тарбия үстөмдүк кылат. Бирок Баатыр болгон күчүн топтоп, өз коркунучунан да, улгайган адамдын үстүнөн да, моралдык басымдан да аттап өтөт.

Тасма кыз ала качууда бир тууган жана жакын адамдардын колдоосу канчалык маанилүү ролду ойнооруна чоң көңүл бурган.

Баатыр ойногон роль мындай учурдарда эркек кишинин жүрүм-туруму кандай болушу керек деген мааниде үлгү катары биринчи планга чыгарылган. Муну анын тасмадагы негизги «Башканын кызы деген жок» деп айткан сөзү көрсөтүп турат.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын гендердик адиси Үмүтай Давлетова тасма аялдардын укугу жөнүндө айтып турганына карабастан, эркек киши катары Баатыр жараткан роль абдан күчтүү экенин моюнга алды. Анткени Кыргызстандагы реалдуулук ушундай.

«Баатыр көңүл коштук кылып койбогон учур — абдан жүрөктү жылытат. Бир жагынан аялдар эркектерден эле эмес, жалпы коомчулуктан да корголгон эмес. Жардам колун сунуу — бул жакшы нерсе», — деди ал.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Тасма ала качкан адамдын колунан милиция бөлүмүндө каза тапкан 20 жаштагы Бурулайга арналган. Бул окуя чоң коомдук талкуу жаратып, кайрадан Кыргызстанда аялдардын укугун талкуулоо маселесин көтөргөн.

Көп учурда мындай уурдоолор зомбулук көрсөтүү жана кыздын эркине каршы никеге туруу менен аяктайт. БУУнун маалыматына ылайык, Кыргызстанда ала качуу саат сайын болуп турат жана жок эле дегенде никеге туруунун 35 пайызы — бул ала качуунун натыйжасы.

Ошол эле учурда соттор мал уурдоо жана автоунааларды айдап качууга салыштырмалуу ала качуу үчүн адамдарды орто эсеп менен анчейин деле катаал жазалашпайт. Сиз бул көйгөй Кыргызстанда канчалык деңгээлде оор экенин түшүнүү үчүн «Клооптун» бул темадагы материалдар топтомун көрсөңүз болот.