Кыргызстандын экинчи борборунда жаштар даам сызган жерлерден башка дагы кайсы жайларда эс алат? «Клооптун» кабарчысы Феридебегим Мойдинова шаардыктар жана меймандар бош убактыларын өткөргөн жерлерге жетелейт.

«Семетей» кинотеатры

«Семетей» — Ош шаарында алгачкы жолу, 1976-жылы, ачылган кинотеатр. Ал 2010-жылдагы июнь окуяларында өрттөнүп кетип, кинотеатр бир нече жыл оңдоп түзөөдө турган. Ачылгандан кийин жергиликтүү тасмаларга суроо-талап аз болгондуктан 2016-жылы кореялык инвесторлорго ижарага берилген.

Бир жыл ичинде чет элдик ишкерлер «Семетейди» эс алуучу жайга айландырууга жетишкен. Голливуд тасмаларын көрүүгө ылайыктап жасап, кинотеатрдын жанына эс алуу бакчасын да курушкан. Учурда «Семетей» шаардагы эң ири кинотеатр — 496 көрүүчүнү тейлей алчу төрт залы бар. Тасмалар күндүзгү, кечки сеанс менен көрсөтүлүп, жети күн катары менен көрүүчүлөргө ачык. Кинотеатр Оштун түндүк бөлүгүндөгү Манас-Ата кичи районунда орун алган.

Акыркы жылдары Ош шаарындагы кинотеатрлардын өнүгүшү тууралуу материалды бул жерден окусаңыз болот

«Ак-Буура»  эс алуу борбору

Ачылганына бир жылдын жүзү болгон «Ак-Буура» борбору үй-бүлө менен эс алуу үчүн ыңгайлуу. Борбордо балдарга оюн-зоок аттракциондору иштейт. Алардын ар биринин баасы 40 сомго чамалайт. Ошондой эле тамактанууга чайхана, тез татым жайлары жана кафелер, чакан оргума менен көлмө бар. Мында сууда сүзүүчү машина ижарага берилет. Эс алуу борбору саат 10дон түнкү 12ге чейин кызмат кылат.

Сулайман тоо

Сулайман тоо — 2009-жылдын июнь айында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Кыргызстандагы биринчи тарыхый жер. Тоо Ош шаарынын ортосунан орун алып, узундугу 3 чакырым, туурасы 1,5-2 чакырымга жетет. Сулайман тоого зыярат кылганы келгендердин саны жылына 20 миңге чамалайт. Айрымдарын тоонун боорунда жайгашкан музей кызыктырса, көпчүлүгүнө тоонун чокусуна чыгып алып, шаарга бийиктиктен назар салуу өзүнө тартат.

Жылдын ар кайсы мезгилдеринде Сулайман Тоо

Зоопарк

Шаардагы алгачкы чакан зоопарк өткөн жылдын жай айларында кардарларды кабыл ала баштаган. Ал калаанын Навои паркында жайгашып, анда айбанаттардын 30га жакын түрү бар. Күн сайын күндүзгү 10дон кечки 9га чейин иштейт. Билеттин баасы чоңдорго 150 сом, 12 жашка чейинки балдарга, студенттерге жана пенсия курагындагыларга 100 сомду түзөт. Төрт жашка чейинки балдарга акысыз.

Бул жерден Оштун зоопаркы жөнүндө чакан тасманы көрсөңүз болот

Ак-Буура дарыясынын үстүндөгү сахна

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын үстүнө ушул жылдын 29-мартында жайкы сахна курулуп, ал маданий иш-чаралар үчүн ылайыкталган. Сахнанын узундугу 60, туурасы 40 метрди түзөт. Ал калаанын борбордук бөлүгүндөгү Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирет. Калаа тургундары жана меймандар дем алыш күндөрү жайкы сахнада сейилдегенче сүрөткө түшүп кетишет.

Жайкы сахнаны «Сутранспромжилстрой» курулуш компаниясы 16 млн 400 миң сомго куруп берген. Объекттин курулушу 2017-жылдын сентябрь айында башталып, алты айда бүткөрүлгөн.

Бир кадр менен: Ак-Буура дарыясынын үстүндөгү сахна

Бассейн

Ош шаарында онго жакын жеке менчик бассейн бар. «Дельфин» бассейни веложолдун боюнда, жайкы сахнадан алыс эмес жерде жайгашкан. Жыл сайын жай мезгилинде үч ай бою эс алуучуларды кабыл алат. Жайкы бассейндердин үстү ачык, ичинде тамактануучу жайлары бар. Күн сайын саат 10дон түнкү 12ге чейин иштейт.  Бул бассейнде чоңдор 200 сомдон төлөп эс алышса, балдар 100 сом менен киришет.

Веложол

Велосипед үчүн салынган жолдун узундугу 2,6 километрди түзөт. Аны Ош мэриясы 45 млн сомго бир жылда салып бүтүп, 2017-жылдын августунда колдонууга берген. Ак-Буура дарыясын бойлой курулган веложол Токтогул сейил багынан тарта Навои паркынын ортосуна чейин созулат. Калаа тургундары жумуш убактысынан кийин велосипед тебишсе, айрымдар жолдун бир тарабындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган тротуар аркылуу басып сейилдешет.

Эйфел мунарасы

Франциянын борбору Париж шаарында жайгашкан Эйфел мунарасынын көчүрмөсү Ош шаарындагы «Сүйүү багында» орун алган. Сейил бак шаардык мэриянын маңдайында жайгашкан. Ал жеке ишкерге ижарага берилгенден соң кайрадан жасалгаланып 2017-жылдын август айынан тарта эс алуучуларды кабыл ала баштаган. «Сүйүү багына» эс алуучулардан тышкары жаш жубайлар үлпөт той күнү сейилдеп, сүрөткө түшүүнү салтка айландырышкан.

Роллер клуб

Оштун тургундары менен шаарга келген коноктор калаанын түштүк-чыгышында жайгашкан роллер клубга барып эс алышат. Бул калаадагы төрт клубдун бири. Ал дем алышсыз, күндүзгү 10дон түнкү 12ге чейин кардарларды кабыл алат. Ролик тебүүнүн баасы саатына 70 сомду түзөт.

Муз аянтчасы

Калаадагы жалгыз муз аянтчасы 2008-жылы ачылган. Ал шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндө орун алган. Муз тебүүнүн баасы саатына чоңдорго 150 сом турса, балдарга 100 сомдон. Үч мезгил кардарларды тейлеген аянтча, жай мезгилинде тыныгууга чыгат.

Ак-Буура дарыясы

Ош шаарын экиге бөлүп турган Ак-Буура дарыясы Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычынан агып келет. Анын узундугу 100 километрден ашат. Дарыянын боюнда шаардыктар көбүнесе эс алууга чыгышат — кээ бири тамак-ашын көтөрүп алып барышса, айрымдары Ак-Бууранын жээгиндеги эс алуу борборлорунда көңүл ачышат.

Сүрөттөрдүн автору: Феридебегим Мойдинова